Бакыт Төрөбаев: «Өнүгүү-Прогресс» көрсөткөн талапкер мэр болууга толук мүмкүнчүлүк бар»

Каганат.

“2016-жылдын 30-декабрында БШК мэрди шайлоо тууралуу чечим кабыл алып, талапкерлерди каттоону 4-январга чейин деп чектеп койгону күмөн ойлорду жаратып жатат деп  эсептейт”- «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Бул тууралуу  аталган фракциянын катчылыгы билдирди.

Анда, калаа башчылыгына талапкерлерди сунуштоодо БШК шашылыш кадамдарга барып жатканы жана Бакыт Төрөбаев борбор калаабыздын мэрлигине талапкерди көрсөтүүдөгү айрым жагдайларды сынга алгандыгы камтылган. 

 Бакыт Төрөбаев,  «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаардык кеӊешке катышуу менен коалияциялык көпчүлүккө алтернативалуу фракция гана болбостон мэрдин орду үчүн олуттуу күрөш жүргүзө алаарына ишенет.

Ал  шаардык кеӊештеги депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып, эгер мэрди шайлоодо жашыруун добуш берүү сакталса «Өнүгүү-Прогресс» көрсөткөн талапкер мэр болууга толук мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.

Ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын ана башчысы бул тууралуу парламентте өз оюн билдирип чыгаарын дагы кошумчалаган.

Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 7 пайыздык босогодон 5 партия ашып өткөн. Алар:

1) КСДП (32 295 добуш)

2) “Республика-Ата Журт” (30 969 добуш)

3) “Өнүгүү-Прогресс” (19 723 добуш)

4) “Мекеним Кыргызстан” (16 909 добуш)

5) “Кыргызстан” (12 124 добуш)

Калган партиялар 7 пайыздык босогодон аша алышкан эмес.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =