Бир буту кризисте турган “Кыргыз темир жолу” ишканасы 7 миллион сомго 11 автоунаасын оңдотот

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык 11 автоунааны оңдоого “Кыргыз темир жолу” ишканасы 7 миллион сомго тендер жарыялады.

Аталган ишкана мамлекеттик сатып алуулар сайтына  техникалык оңдоолор үчүн керектөө үчүн 7 миллиондон ашык акча бөлүп берээри тууралуу жар салган. Аталган кызматтын жайгаштырган жарнамасын карап көрүп техникаларды оңдоого кетире турган каражатынын сумммасы базардан сатып ала турган автоунаанын баасына тете нарктар көрсөтүлгөнүн көрүп таң калганыбызды жашыра алган жокбуз.

Мамлекеттин акчасын каалагандай калчаган “Кыргыз темир жолу” ишканасы 7 миллион сом коротуп оӊдоого берүүчү 11 автоунаалар: Daewoo Espero, Dodge (пикап), Honda Odyssey, Mercedes-Benz Е320, Mercedes-Benz 500, Daymler-Crysler 430, Daymler-crysler 550, Audi 100, Toyota Mark II, Toyota Land Cruiser и Nissan March.

Аталган ишкана, Daewoo Espero автоунаасына — 331 миӊ 909 сомго тетик алып берүүгө даяр болсо, – Dodge (пикап) автоунаасы үчүн— 454 миӊ 140 сом коротууга даяр.

Ал эми Honda Odyssey автоунаасы үчүн — 278 миӊ 609 сом, мercedes-Benz Е320 — 324 миӊ 495,2 сомго чукул чыгым тартууга кайыл.

Daymler-Crysler 430 автоунаасынын тетиктерин— 454 миӊ 336,8 сомго бааласа, Daymler-Crysler 550  автоунааынын тетиктерин— 454 миӊ 336,8 сом деп баалайт.

– Audi 100 автоунаасы үчүн — 163 миӊ 747,8 сом, Toyota Mark II авто унаасы үчүн— 290 миӊ 239 сом, Toyota Land Cruiser — 633 миӊ 467,4 сом, ал эми Nissan March авто унаасы үчүн — 325 миӊ 799,4 сом коротууга даяр экенин билдирет.

Ошондой эле жарыяланган тендердин шартына ылайык жеңүүчү компания автоунааларды оңдогондон тышкары техникалык тейлөөгө жооптуу болушу керек.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”right” dtag=”yes” status=”publish” orderby=”dateD”]

Мындай кымбат баада техникалык тейлөө көрсөтүү Кыргызстанда өзү барбы деп отуруп окурман өзү электен өткөрүп алуусу үчүн  жаңы дал ушул автоунаалардын баасын базардагыдан жогорку орто эсеп менен ирээттеп көрдүк. Ал эми автоунааларды сатуу боюнча Кыргызстандагы белгилүү автодоска сайтында жарнамаларга ылайык тетик эмес, айрым авто унаалардын баасы “Кыргыз темир жолу” ишканасы көрсөткөн суммадан бир топ арзан турат.  Мисалы, 

– Daewoo Espero (1996 жыл) – 38,2 миӊ – 100 миӊ сом же доллар менен эсептегенде бүгүнкү күндүн курсу боюнча 550-1 миӊ долларга жакын суммага авто унаанын өзүн сатып алууга болот.

– Dodge (пикап 2001 жыл) – 449 миӊ 996 сом же  6,5 миӊ дооларга барабар;

– Honda Odyssey, 2000 жыл — 200 миӊ. сом же 2,8 миӊ доллар. Ал эми  2003 жылы чыккан үлгүсү — 414 миӊ сом же 5,9 миӊ долларга чукул.;

– Mercedes-Benz Е320, 2002 жыл — 430 миӊ. 590 сом же 6,2 миӊ доллар. Ал эми 2003-жылы чыккан үлгүсү — 576 миӊ. 435 сом же  8,3 мӊ долларга барабар;

– Audi 100, 1992 жыл — 135 миӊ 427,5 сом же 1 миӊ  950 доллар. Ал эми 1993 жылы чыккан үлгүсүн — 208 миӊ 350 сомго же 3 миӊ долларга алууга болот;

– Toyota Mark II (2002-2003 -жыл) — 277 миӊ. 800 сомдон -326 миӊ 415 сомго же 4-4,7 миӊ долларга чейин  баалашса болот;

– Toyota Land Cruiser, 2003 жыл — 1 млн 319 миӊ 550 сом же 19 миӊге ал эми 2005-жылы чыккан үлгүсүн  — 1 млн 493 миӊ 175 сомдон — 1 млн 597 миӊ. 350 сомго же 21,5-23 миӊ долларга барабар;

– Nissan March (2002-2004 жылы) — 131 миӊ. 955 сомдон — 194 миӊ 460 сомго же 1,9-2,8 миӊ долларга алууга мүмкүн.

Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, унаалардын жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу жагы алдын ала иликтенип чыккан. Аталган ишкана, алмаштырыла турчу тетиктерди эсептеп чыкканда жогорудагы сумма чыккан. Бирок бул көрсөтүлгөн тетиктердин бардыгы алмаштырылат деген сөз эмес.

Ошондой эле аталган ишкананын басма сөз кызматы Автоунаалардын тетиктери базар баасындагы сумма менен көрсөтүлгөнүн кошумчалайт.

Бирок, автоунаанын тетиктерин алмаштыруу, унаанын өздүк баасынан бир топ кымбат турса, анда аларды алмаштыруунун зарылдыгы барбы деген суроо жаралат.

Анткени, 2016-жылдын август айында Транспорт жана жолдор министрлигинин статс катчысы Эрмек Мамыркалиев, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы оор кырдаалда аталган ишкана кризистик мезгилде күн кечирүүдө деп билдирген эле.

Анан бир буту кризисте турган аталган ишкана үчүн 7 миллион сом коротуп 11 автоунааны оңдоо оордук кылбайбы деп ойлонот экенсиң…

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

1 × беш =