Дабаакана. Сүйүтбек Дөөлөтбеков: “Рактан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын”

Каганат.

Ашказан рак оорусу – Кыргызстанда биринчи орунда турат

Онкологиялык ооруларга чалдыккандардын саны Кыргызстанда жыл сайын өсүүдө. Буга себеп коомдук турмушубуздагы оор кырдаалдар. Акыркы 20 жылдагы жумушсуздук, социалдык тармагыбыздын оорчулугу, экономикалык, саясий туруксуздук дагы кыргызстандык жарандардын ден-соолугуна түздөн-түз өз таасирин тийгизүүдө.

Экологиялык тазалыктын жоктугу, тамак-аштын сапатсыздыгы да буга себеп болууда. Дарыгерлер акыркы жылдары онкологиялык оорулардын ичинен ашказан рагы менен кайрылгандардын саны көбөйгөнүн баса белгилешти.

Сүйүтбек Дөөлөтбеков, Улуттук онкология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн башчысы: “Рактан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын” 

– Онкологиялык дарттарга кабылгандардын саны өсүшүнө эмне себеп болууда? 

– Биздин онкологиялык бөлүмдө ашказан, боор, уйку без, шишик, сөөк оорулары менен республиканын бардык аймактарынан келип кайрылышат. Алыскы аймактагы ооруканаларда дарыгерлер диагноз кое албай кыйналган учурда бизге жөнөтүшөт.

Учурда Кыргызстанда тилекке каршы өнөкөт, өтүшкөн оорулар менен жабыркагандардын саны өсүп кетти. Өзгөчө ашказан рагы көп кездешүүдө. Ал башка шишик ооруларга салыштырмалуу биринчи орунда турат. Жалпы онкологиялык ооруларынын пайда болуусун илимде далилденгендей химиялык заттар, углеводдор, жана радиация себеп болот. Ал клеткалардын өзгөрүшүнө, мутацияга алып келет. Генетикалык факторлор да таасирин тийгизет. Эгер ата-бабаларында шишик оорулары кездешкен болсо анда ал кийинки муунга да өтүшү мүмкүн.

Онкологияда ашказан шишигинин пайда болуу себептери өтө көп. Алардын ичинде ашказан өнөкөт оорулары. Мисалы гастриттин түрлөрү, ар кандай жаралар “язва желудка” деп коебуз же палит оорусун убагында дарылабагандыктан ашказандын ички катмары өзгөрө баштайт да акырындан рак оорусуна өтүшү мүмкүн. Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан окуялар, мисалы, өткөн жылдагы 7-апрелдеги окуялар, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын бардыгы адамдын психологиясына терс таасирин тийгизип, стресс абалына алып келди. Албетте, ал нерв системасынын бузулушу аркылуу, ден-соолуктун начарлашынын башкы фактору болуп эсептелинет. 

– Ал эми ашказан рагын кандай жолдор менен аныктоого болот? 

– Ашказан рагы экенин аныкташ үчүн гастроскопия деген аппаратыбыз аркылуу текшеребиз. Оорулуу бул аппаратты жуткан соң, ашказанды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары рентгенге тартып билсек болот. Булар негизги текшерүү болуп эсептелинет. Эгер бейтап оорунун башталгыч убагында кайрылса биз айыктырып берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Ашказан гастрит оорулары болгондо ооруйт. Ашказан ооруганда эле рак оорусу башталды деп ойлобош керек. Ашказандын рагы болгондо мурунку ооруларга салыштырмалуу, адаттагыдан да күчтүү ооруйт. Мүнөзү башкача боло баштайт. Алы кетип шалдырайт. Жумушка болгон каалоосу начарлайт. Эл менен көп сүйлөшкүсү келбейт, өзүнчө бөлүнө баштайт. Кан азайып, гемоглобин төмөндөйт жана арыктайт. Ушул белгилер байкалып калса дарыгерге кайрылуу зарыл. Ошондо биз текшерип көрүп шишиктин биринчи башталышы менен күрөшүп баштайбыз. 

– Дарылоо жолдору кандай? 

– Ракты бир гана операция жолу менен дарылоого болот. Операция жасоодо кээде ашказандын жарымын же толугу менен алып койгон учурлар да кездешет. Эгер ашказандагы шишик жанындагы органдарга өтүшүп кеткен болсо, коңшу жайгашкан органдарды да алууга туура келет. Кээде ашказан менен биргеликте уйку безди же боорду алып салабыз.

Биздин практикада рак оорусуна операция жасоодо 11 органга чейин кесип алган учурлар болгон. Азыр мурда көп жасалбаган операциялар акырындап жасала баштады. Кээде амплуатация кылган учурлар да болот. Өкүнүчтүү жагы, оорулуулар баштапкы стадиясында кайрылбай, көр оокаттын азгырыгы менен ден-соолугун экинчи планга коюшуп, кеч кайрылып жатышкандыгында. Азыр бизге үчүнчү же төртүнчү стадиясында келишип, дарылоо жакшы эффект бербей жатат. 

– Ашказан рак ооруларын алдын алуу боюнча мекендештериңизге айтар кеңешиңиз? 

– Күнүмдүк оокатка, турмуш-тиричиликке алаксып жүрө бербей, адам өзүнүн ден-соолугун алдыга коюшу керек. Ар адамдын саламаттыгы өзүнүн колунда. Азыркы заманда ар бир адамдын ден-соолугу – бул үй-бүлөнүн байлыгы. Андыктан ден-соолукка кайдыгер болуп, оору-сыркоону өз убагында текшертпей, медициналык кароодон өтпөй жүрө бербегиле деп айтамын.

Азыр техника өнүгүп келатат, ар бир райондо УЗИ аппараты бар, жыл сайын текшерилип, рактын белгилери байкалса, өз убагында дарылануу керек. Андан арылууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Рак десе эле, “аа, мен бүтөт экемин” деген кыска ойдон алыс болушубуз керек.

Ашказан рагынын  пайда болушу 

Ашказан рак оорусунун көбөйүшү сапатсыз, таза эмес тамак ичкенден, өп-чап курсак тойгузуу менен ачка жүрүүдөн, өз убагында саламаттыгын текшертип турбагандыктан келип чыгат. Ашказан рагынын күчөшүнө өнөкөт гастрит оорусу, язва, аз кандуулук, иммундук системалардын алсыздыгы рактын өсүшүнө жол түзөт. Ашказан рагынын пайда болуу себептери медицинада толугу менен так изилденип чыга элек.

Бирок, пайда болуунун бир нече жолдору аныкталган. Мисалы: нитриттер жана нитраттардын ашказанга түшүшү рактын пайда болушуна алып келет. Бул химиялык заттын негизги булагы адамга 89% жер жемиштер аркылуу кирет. Жер жемиштерде нитриттер менен нитраттар алардын өстүрүү жолдоруна жана түрүнө жараша кездешет.

Ошондой эле нитраттар туздалган азык-түлүктөрдө, сырада, башка алкоголдук ичимдиктерде, козу карындарда кеңири таралган. Ал эми тамак-аштан сырткары нитраттар менен нитриттер организмге тамеки чегүүдөн жана косметика менен кирет. Көпчүлүк окумуштуулар бир нече изилдөөдөн соң алкоголдук ичимдиктердин бардыгы ашказан рагын пайда кылууга түздөн түз таасирин тийгизет деп баса белгилешкен. 

Биринчи белгилери 

Ашказан шишиги менен жабыркаган адамдын алы кетет, бат чарчайт, жумушка болгон активдүүлүгү начарлайт, арыктайт жана табити жоголот. Тамак жегенден кийин ашказандын оордугу сезилет да, кускусу келет, ичи өтүп, же тескерисинче ичи катыйт.

Ичтин көлөмү да өзгөрүлүшү мүмкүн. Эгер шишик чоң болсо анда ашказандын жогору жагы оорутушу ыктымал. Окумуштуулардын бир нече изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында аз кандуулук жана гастрит оорусу ашказан шишигине алып келери анык болгон.

Рак менен жабыркаган оорулуулардын 1-10% аз кандуулук жана 10% гастрит, ашказан жарасы менен жабыр тартышкан. Рактын пайда болушуна гастрит оорусунун деңгээлине жараша болот. Гастритте ашказан ширесинин азайышы менен микробдор көбөйө баштайт да бара-бара ракка алып келери белгилүү болгон.

Химиятерапия-  убактылуу жардам  берет 

Кандайдыр бир себептерден улам операция жасалбай калган учурда химиятерапия жүргүзүлөт. Мындай учурда химиятерапия ашказан шишигин толугу менен айыктырбайт. Ал шишиктин өсүшүн токтотуп, көлөмүн кандайдыр бир деңгээлде кичирейтиши мүмкүн.

Химиятерапия аркылуу шишикти толугу менен жок кылган учурлар чанда гана кездешет. Мындай метод организмге терс таасирин тийгизбейт. Ал бейтаптарга өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт. Химиятерапия аркылуу оорулуулар арыктоо жана башка маселелери чечилиши мүмкүн. 

Эки шишик 

Ашказанда шишик оорусу зыяндуу жана зыянсыз болуп экиге бөлүнөт. Зыяндуу шишиктер татаал жана ага кылдаттык мамиле кылууну талап кылат. Ал эми зыянсыз шишиктер көп оорутпайт, адамдын тынчын албайт. Ашказанда жүрө бериши мүмкүн. Операция кылган соң бат эле айыгып кетет.

Макалабыздын кийинки бөлүмүндө ашказан ооруларын элдик медицинада кантип дарыласа болот деген суроого жооп издейбиз.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 4 =