Абактарга уюлдук байланышты басаңдатуучу жабдууларды сатып алуу иши токтотулду

Каганат.

Кыргызстандын өзгөчө кооптуу кылмышкерлер кармалган түрмөлөрүнө уюлдук байланышты басаңдатуучу жабдууларды сатып алуу иши токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Аталган мекеменин билдирүүсүнө таянсак, буга чейин, жабдууларды сатып алууга акча тартыш болуп жатканы айтылып келсе, бул жолу бир нече ирет өткөн тенжер жыйынтык берген эмес.

Адистер уюлдук байланышты басаңдатуучу жабдууларды коюуу менен өзгөчө кооптуу кылмышкерлердин телефондук көз боёмоочулук менен алектенгенине бөгөт коюуга болот деген жүйөөнү карманып келишкен.

Эске салсак, буга чейин да тендер эки ирет ишке ашкан эмес, себеби катышуучулар жок болгон.

Буга байланыштуу мекеме жабдууну бир булактан сатып алуу чечилген. Бирок  бул ирет жеткирүүчүнүн техникалык шарттары ведомствону канаттандырбай койгон.

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын маалыматты боюнча  уюлдук байланышты өткөрбөй турган жабдуу бир нече коллонияларда, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылгандардын Жаңы-Жер айылындагы түрмөсүндө орнотулмак.

Маалымат үчүн айта кетсек, Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы атайын абакка былтыркы жылдын февралынан баштап өмүр бою эркинен ажыратылган туткундар которулуп жатат.

Акыркы өткөн жылда өтө оор кылмыштар үчүн соттолгондордун саны 15ке жакын туткун менен толукталып, жалпы саны 300дөн ашкан,  бүгүн болсо 90го чукул эркинен ажыратылган туткундар Жаңы-Жер айылындагы атайын абака которулду.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

17 + он бир =