“Ата Мекен” партиясы Атамбаев укугунан аша чаап пайдаланып жатканын билдирди

0

Каганат.

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстандын президенти жана премьер-министри «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин дайындоодо мыйзам бузууларга барганын билдирди. Ошондой эле партия Кыргызстан Конституцияга ылайык башкарылбай жатканы тууралуу билдирүү таратты.

“Ата Мекен” парламенттик фракциясы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселесин карап жатып президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн конституциялык укуктарынан аша чапканын билгенин жазат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын уставына ылайык, ишкананын жетекчилигин премьер-министр президент менен макулдашып дайындайт деп жазылган экен. Бул Конституцияга каршы келет. Конституцияга ылайык, мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин дайындоо премьер-министрдин ыйгарым укугуна кирет.

Мындан улам «Ата Мекен» партиясы өкмөт жана Башкы прокуратура «Кыргыз темир жолу» ишканасынын уставын Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайыктап жазып чыгуусун, ал эми президенттен кызматын аткарууда Конституцияга ылайык иш кылуусун талап кылат.  

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 15 =