Дагы бир иштебеген мыйзам кабыл алындыбы?

0

Каганат.

Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн түнкү жашоосун курч сезимдерге батып, оюна келгенин жасагандар жана батирлерин ижарага бергендер бузуп келишет. Мейманкана катары берилген батирлер тууралуу коомчулук, анын ичинде журналисттер далай какшаганы менен бул тармакты тамыры менен жок кылуу эч кандай натыйжа бербей келет. Анын себеби дал ушул мейманкана катары берилген батирлердин “крышасы” оо жогору жакта экенин да саймердеп келгендер жок эмес.

Эми көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди бир саатка же суткага мейманкана катары ижарага бергендерге карата административдик жоопкерчилик күчөтүлөт экен. Тиешелүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгону белгилүү болду.

Мындай батирлердин кызматынан көбүнэсе эки-экиден жетелешкен көгүчкөндөр пайдаланары айдан ачык эле белгилүү. Албетте, адамдардын жолугушуусуна эч ким тыюу сала албайт. Бирок айыппулду жогорулатуу менен көлөкөдөгү бизнести ачыкка чыгаруу аракети жүрүүдө. Бийликтин бул кадамына бали дегиң келет, бирок айыппул жогорулаганы менен бул тармактагы бизнести ооздуктайбыз деген болбогон кеп экени баарыбызга эле белгилүү.

Бул мыйзам ошол тармакты тескей турган укук коргоо кызматкерлеринин гана чөнтөгүн дагы калыңдатып, коррупцияга даңгыр жол салып жаткандай сезим калтырат. Себеби айыппулдан качкан ойрондор ишин жең ичинен пара берүү менен бүтүрбөйт деп ким кепилдик бере алат?

Анын үстүнө элиталык батирлерге барып көңүл ачкандардын көбү чоң кызматтарда иштеп, акчаны уучтап жүргөндөр экени көп эле айтылып келет го.

Бюджетке бир сом бербестен айына миллиондорду тапкан батир ээлери кирешесинен жөн эле кол жууп отуруп калбасы, өз маселесин башка жол менен чечүү аракетин көрөрү көзү көр кишиге деле көрүнүп турбайбы.

Айтор дал ушул мыйзамдан колдонуп дагы канча коррупционердин чөнтөгү кампайары белгисиз бойдон калууда. Мыйзам деп кабыл алып коюп, анын иштөөсүнө эч ким көзөмөл салбай келгени, деги эле Кыргызстанда мыйзамды уруп ойнобогондор көп экени жашыруун деле эмес го. Эмнеси болсо да бул тармактагы абал мыйзам кабыл алынган соң кандай өзгөргөнү жакынкы убакта эле ачыкка чыгып, мыйзамдын жемиши билине баштай, биз да четте калбай буга көз салып турмакчыбыз.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − 4 =