Каримов менен Мирзиёев дүйнөдөгү негизги саясий фигуралардын тизмесине киришти

0

Каганат.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов жана жаңы шайланган өлкө башчы Шавкат Мирзиёев 2016-жылдагы эл аралык деңгээлдеги негизги 40 адамдын тизмесине киришти. Бул боюнча Испаниядагы Барселона эл аралык мамилелерди иликтөө борборунун материалында маалымдалат.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Жыл сайын түзүлчү тизмеге дүйнөдө башкалардан өзгөчөлөнгөн саясий жана коомдук ишмерлер, мамелекеттик эмес уюмдар киргизилет.

2016-жылдагы рейтингге Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов менен азыркы өлкө башчы Шавкат Мирзиёев кошулду. Иликтөөнүн авторлору Ислам Каримов жаңы эгемен өлкөнүн негиздөөчүсү болгонун жана СССР урагандан кийин Өзбекстандын мамлекет катары калыптанышында чоң роль ойногонун белгилешкен.

Борбордун эксперттери Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев соңку президенттик шайлоодо шайлоочулардын 90% добушун топтоп, ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздаганын билдиришет. Алар Мирзиёевдин бийлиги тушунда тышкы саясатта жаңы тенденцияларды күтсө боло турганын жазышкан.

Башка лидерлерден бул тизмеге Кубанын мурдагы башчысы, маркум Фидель Кастро жана АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп да киргизилген.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 + он эки =