Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү?

Каганат.

Учурда өкмөт бир катар министрликтерди оптимизациялап жаткан кези, ага ылайык министрликтеги бөлүмдөр бири-бирине бириктирилип, бирге иш алып барууга өтөт. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөсү баарыбызга маалым. Оптимизация кандай жыйынтык берери азырынча белгисиз. Мына ушул оптимизация саламаттыкты сактоо тармагына да жетиптир.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомго кол койду.

Документке ылайык, Кыргызстандагы гематология кызматын оптимизациялоо максатында Кыргыз илимий гематология борборун жана Улуттук онкология борборун бириктирүү жолу аркылуу кайрадан уюштурууну жүргүзүү зарыл. Эки борборду бириктирүүдө административдик-башкаруу персоналын камсыздоого кеткен чыгымды кыскартууга, ал эми бошотулган каражаттарды түздөн-түз оорулууларды дарылоого багыттоого мүмкүндүк түзүлөт деп келет өкмөт.

Эми Онкология борбору Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору деп кайрадан аталат. Улуттук онкология жана гематология борборунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилет.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз илимий гематология борборунун кызматкерлеринин штаттык санынын натыйжалуулугун талдоо көрсөткөндөй, 2014-жылкы оорулуулардын саны боюнча, 1 врачтын орточо айлык жүктөмү болгону 10 адамды түзгөн, ал эми оорулуулардын нормативдик жүктөмү 18-20 оорулууну түзөт.

Кыргыз илимий гематология борборунун финансылык ишмердүүлүгүн талдоо көрсөткөндөй, 2014-жылы 2006-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 7,6 эсеге, же 13,2 млн. сомго жогорулаган, жалпы бюджеттеги персоналды кармоого кеткен чыгымдын үлүшү 40,7% дан 54,8%га жогорулаган. Кыргыз илимий гематология борборунун койкалык фонд ишинин натыйжалуулугун талдоодо аныкталгандай, фонд 88-90%га пайдаланылган.

Мындан тышкары, кадрлардын агылуу көйгөйү бар, борбордун имараты онкологиялык оорулууларга сапаттуу көмөк көрсөтүүгө ыңгайлашкан эмес, медицинадык жабдуулар жетишсиз, онкогематология бөлүмү химиялык терапия өткөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

Буга байланыштуу эки борборду бириктирүү тууралуу чечим онкологиялык, онкогематологиялык ооруларды жана кан оорулары менен жабыркагандарга жогоку сапаттагы медициналык көмөк көрсөтүүдө ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Эки борборду бириктирип, каражат үнөмдөп, оорулууларды жакшы дарылоо жагы каралса жакшы, бирок ошол үнөмдөлгөн каражаттар сол чөнтөккө кетип калбагай эле.

Улуттук онкология айланасында ансыз деле далай ызы-чуулар чыгып, каражат топтоо көз көрүнө жүрүп жатканы бир нече ирээт журналисттер тарабынан дагы иликтенгени маалым. Гматология борборун кошуу менен коррупция күч албаса болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − он эки =