Карловдун өлүмү боюнча 5 адам камакка алынды

Каганат.

Түркияда өлтүрүлгөн элчи Карловдун иши боюнча 5 адам камакка алынды.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

 Анда айтылгандай,  камакка алынгандардын ичинен төртөө элчини аткан полициянын мурдагы кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ менен кошо кызмат өтөгөн.

 Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

 Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Элчиден башка үч адам жабыркаган. Ок аткан кылмышкер жергиликтүү полиция тарабынан ошол жерде атып өлтүрүлгөн.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × төрт =