Жогорку Кеңеште ар бир төрөлгөн наристе үчүн энеге жөлөк пул берүү сунушталды

Каганат.

Жогорку Кеңештин депутаттары демографиялык абалга тынчсызданууда.

Буга байланыштуу парламентте ар бир төрөлгөн наристе үчүн энеге жөлөк пул берүүнү сунушталды.

Демилгечи Дастан Жумабеков белгилегендей, өлкөдө көз жарган ар бир миң баланын 20сы 1 жашка чыкпай көз жумат. Ал эми каржы каатчылыгынан улам энелер ымыркайларды таштап, же өмүрүнө кол салууга дагы барууда.

 Депутат 2018-жылдан тартып ар бир төрөлгөн бала үчүн энеге айына 2,5 миң сом жөлөк пулду 1 жыл берүүнү сунуштайт. Буга каражат кайдан алынат – такталбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин 2015-жылкы шайлоо алдында “Кыргызстан” фракциясы ар бир төрөлгөн наристелерге 50 миң сом сүйүнчү акча төлөнөөрүн убадалаган. Бирок арадан бир жыл убакыт өтсө дагы бул убада аткарыла элек. Бул дагы ошол эле көрүнүштөрдүн бири болуп калбаса эле болгону.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 2 =