Жаңы депутат Дүйшөн Төрөкулов ант берди

0

Каганат.

Жогорку Кеӊеште «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович ант берди. Ал 2016-жылдын 30-декабрында өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Чолпон Жакупованын ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Дүйшөн Төрөкуловду салтанаттуу ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришүүсү менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов 1981-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ал 2009-жылы Баткен университетин «машыктыруучу», 2012-жылы «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун Мамлекеттик бажы кызматында баштап, кийин Ош шаардык денетарбыя жана спорт комитетин жетектеп турган.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + он тогуз =