Башкы прокуратуранын жанында бакты жардырган адам кармалды

Каганат.

Башкы  прокуратуранын жанында бакты жардырган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

  Маалыматка ылайык, ал жаран психикалык жактан жабыркап, каттоодо турат. 35 жаш чамасындагы кармалган эркектин үйүндө мылтыктар, тапанчалар жана бет каптар табылган.

Андан тышкары, ал жардыруу түзүмдөргө кызыгып келгендиги аныкталды. 4-январда милиция бөлүмүнө Ата-Түрк эс алуу багында жардыруу тууралуу билдирме келип түшкөн. Ал кандай жол менен жардырылганын аныктоо максатында экспертизалар дайындалган болчу.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 1 =