БШК: Депутаттар тарабынан айтылган сын пикирлер менен сунуштар эске алынат

0

Каганат.

Жогорку Кеӊеште бир катар депутаттардын өтүнүчү боюнча “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын айрым ченемдеринин аткарылышын камсыз кылуу тууралуу (жергиликтүү кеңештердин депутаттарына ырастамалар менен төш белгилерди тапшыруу маселеси боюнча) маалымат угулду.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары менен төш белгилерин даярдоого 2016-жылдын 21-ноябрында конкурс жарыяланып, ага 12 фирма менен жеке жак катышкан. Жыйынтыгында төш белгилерди даярдоо укугун «Медальер» фирмасы, ал эми төш белгилерди даярдоо укугун «Алтын Тамга» басмаканасы жеӊип алган.

Бирок, кийин конкурска катышкан жеке жак анын жыйынтыгы менен макул эместиги тууралуу арыз менен кайрылып, ал мекемелер аралык комиссия тарабынан мындай дооматт четке кагылган. Андан соӊ, «Медальер» фирмасы да сотко кайрылгандыктан,  ырастамалар менен төш белгилерди даярдоо иши убактылуу токтоп турат. «Сот чечимине жараша аракеттер көрүлгөндөн кийин жергиликтүү кеӊештердин депутаттарына ырастамалар менен төш белгилер тапшырылмакчы», – дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын ырастамалары менен төш белгилерин даярдоо жүрүмүнө, андагы тоскоолдуктарга байланыштуу суроолор берилди. Андан сырткары, 2016-жылдын 11-декабрында өткөн жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жүрүмүндө кетирилген кемчиликтерди, шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу жосунун жоюу боюнча маселелер көтөрүлдү.

БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова депутаттарды айтылган сын пикирлер менен берилген сунуштар толугу менен талданып чыгып, алардын алгылыктуулары сөзсүз эске алына турганына ишендирди. Ошону менен бирге, ал айрым шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү милдети турганын белгиледи.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 5 =