Эшегине жараша тушагы болгон бийлик же сепаратисттердин сармердени

Каганат.

Ар кимдин оозун карап, кимиси ажону жамандап жиберет экен деп аңдыган УКМК Азимжан Аскаровду бошотмоюн Кыргызстанды каржылабагыла деп Америкада жатып кат жолдогондордун эсебин таппайбы деген суроо жаралбай койбойт. Демейде  үргөн итти да туура эмес үрүп жатат деп иш козгой салган биздин чекисттер оозуна талкан сугунуп алган немедей эле тыптынч. Кечээ улут ортосуна жаңжал салган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду жанындай коргоп чуркап жүргөн Нурбек Токтакунов Эл аралык журналисттерди коргоо уюму деп аталган коом Дүйнөлүк Банктын жетекчиси Жим Ен Кимге кат жолдогонун маалымдаган.

Тактап айтканда аты жөнү белгисиз болгон жогорудагы уюм Дүйнөлүк Банктын жетекчисине Азимжан Аскаровду Кыргызстан актамайынча каржылоону токтотуу боюнча өтүнүч кат жөнөтүшкөн. Эми жөнөкөй логикага таяна турган болсок Азимжан Аскаров ушунчалык таасирдүү адамбы деген суроо пайда болот. Азимжан Аскаров ак болгон күндө деле ак жеринен соттолгон дүйнөдөгү жалгыз адамдай эле кара жанын карч уруп коргоп жаткандарды түшүнүп болбойт. Анын таасири канчалык, эмне себептен ага үзүлүп түшүп бир жарандын айынан бүтүн Кыргызстандын ырыскысынан ажыратууга далаалат кылып жатышат деген сыяктуу толгон токой суроолорго жооп бере турган жан жок. 

Мамлекетти башкарып отурган бийлик карапайым калктын жонунан кайыш тилип, өз чындыгын айткандарга сес көрсөтүп, эки улутту чабыштырган Кадыржан Батыров менен Азимжан Аскаровго алы келбей жатканы бир чети кызык болсо экинчи чети таң калычтуу. Анткени Аскаровду кечээ жакында БУУнун ассамблеясына чейин көтөрүп чыгышып, Жогорку Соттчун чечимин жокко чыгарып кайра караганга уруксаат берген биздин бийликке баракелде. 

Чындыгында Кыргызстан үчүн бир канча жакшы иштерди кылган, же болбосо ак жеринен мамлекет тарабынан караланып соттолгон далай саясий ишмерлердин, коомдук ишмерлердин иши каралбай бир Азимжан Аскаровдун ишин аягына чыгара албай кайра кайра сот өткөргөн бийликтин же билгени барбы? Интерпол менен издөөгө алып ит менен да таппаган УКМКнын издөөсүндөгү Кадыржан Батыров кечээ жакында теледен чыгып, өз арманын айтып БУУнун жыйынында кенен кесир басып жүргөнүнө күбө болдук. Бул жүрүш менен кримтөбөл  Батукаевди байкуш кылгандай, Аскаровду актап чыгарып жибербейт деп ишенимдүү айткандан да коркосуң. 

Эми медалдын экинчи бетине үңүлө турган болсок, жогоруда эл аралык журнаолисттерди коргогон уюм өзү кимдер? УКМК ой тоону карабай дал ушуну иликтеп чыксын, же дал ушундай ат менен каражат таап жан баккан бир ууч адамдардын тобу лицензия алып алып Аскаровго адвокат болуп жатышабы? Деги эле журналист деген коомду булгап журналисттердин атынан кайрылуу жолдогон бул шумпайларды ким жоопко тартат. Маселен жогорудагыдай статус менен эл аралык бир нече журналисттерди коргоп жүргөн уюм сыяктуу кат жолдонуп жаткандан кийин жалгыз Президенттин эмес жумурай журтка күзгү боло турган журналисттердин укугун коргоо максатында УКМК иш козгой албайбы? 

Айта берсең сөз түгөнбөйт дегендей Азимжан Аскаровдун соту Чубактын кунундай эле чубап, же эт эмес же чел эмес болгон бийлигиң да сотуң да чечкиндүү кадам жасай албаганы эшегине жараша тушагы болуп тургандан кабар берет эмеспи. Бийликтин өзүнүн өгүз өлбөсүн араба сынбасын болуп жүргүзгөн саясатын бир абактагы адам айласын алты кетирүүдө. Эгер Азимжан Аскаровду чындап ак жеринен кармап камап жатса ал үчүн дагы жоопкерлер чекесине чыгат. Ошондуктан жең ичинен Кадыржан Батыровду алып келе албай, же Аскаровду соттоп жибере албай ыргылжың болгон бийликтин билермандарынын өздөрүнүн арты да таза эмес экендигинен кабар берет.

Булак: Каганат 

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 13 =