Кирүү / Катталуу

Швейцариянын Лозана шаарында Иззат Артыков боюнча соттук отурум болду

0
Бөлүшүү:

Каганат.

Кечээ, 11-январда Швейцариянын Лозана шаарында   “Рио-2016” Олимпиадасынын катышуучусу Иззат Артыковдун иши боюнча коомдук угуу болду. Ага спортчу жана КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов катышты.

 Маалым болгондой, отурум 7 саатка созулду. Акыркы чечимди сот жакынкы убакта чыгарат.

 Эске салсак, 2016-жылдын жай айында  Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандан барган 19 спортчунун ичинен оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медаль тагынган болчу. Бирок Эл аралык спорттук арбитраж анын канынан тыюу салынган стрихнин заты табылды деген жүйө менен байгени кайтарып алган.

Ал эми Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагып келет.

Кошумчалай кетсек,  Иззат Артыковго “Аю-Холдинг” компаниясы тарабынан 2 бөлмөлүү  батир берилген.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + 12 =