Албек Ибраимов калп десе, кадыр баркын сот аркылуу коргоп алсын

Каганат. 

КСДПнын жоктон тапкансыган улутчул депутаты Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында мэрди шайлоо боюнча кескин сын айтты. Албетте Карамушкинанын капсалаңдуу окуяларынын бирин толуктаган бул сынды калп айттыбы же калпыс айттыбы түшунбөй туру. Дегенибиз депутат Карамушкина мэрди шайлоодо акча чоң ролду ойноп добуштардывн алды 50 миң арты 10 миң долларга чейин баалангандыгын балп эттирди. 

Мындай ири суммманы өмүр бою чогултсаң да таппаган карапайым калк ошол эле учурда Карамушкина мынтип айтып эмненин башын кылтыйтып атат дегенчелик кылууда. Анткени шайлоодо добуштун баасын айткан Карамушкина “аташкасынын” сүйүктүү таразачысы Албек Ибраимовду мэрликке кайра алып келүү үчүн дал ушул суммаларды коротконбу?

[latest-selected-content limit=”3″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes_blank” elements=”3″ css=”left” taxonomy=”category” dtag=”yes” id=”85826″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Карамушкинанын ишенимдүү “подружкеси” айткан турбайбы баланча сомго чыкты деп, бул боюнча эмнеге кылмыш ишин козгогонго Карамушкина чуркап барган жок? Же Карамушкинанын катардагы калптарынын бири же Ибраимов дал ушундай жол менен мэр болду деген пикирди туюндурган Карамушкинанын бул сөзүн эмне үчүн тийешелүү органдар текшербейт. 

Эгерде Карамушкинанын айтканына таяна турган болсок, анда   29 добуш алган Албек Ибраимов бул добуштарды 10 миң доллардан сатып алса, 290 миң доллар. Ал эми 50 миң доллардан сатып алса, анда 1 млн 450 миң доллар коротуп жатпайбы?

Демек Карамушкинанын оюу боюнча Бишкек шаарынан мэрлик креслосу митнигчилерин кошкондо 1 млн 500 миң доллар турабы? Эгер калп десе анда Ибраимов өзүнүн кадыр баркын сот аркылуу коргоп алсын да. Муну биз эмес, КСДПнын көздөй ишенген бир “тиреги” титиреп айтып жатпайбы. Демек коомчулук чындыкты билиши керек!

Айтмакчы социалдык баракчасына Президент тууралуу терс пикир жазгандарды УКМК тизмеге алган шайлоочусу Кыргыз Республикасынын жараны катары биз дагы Карамушкмнага кайрылалы, Урматтуу Ирина Юриевна Албек Ибраимовдун добуш сатып алгандыгы тууралуу УКМКга дагы бир билдирүү жөнөтүп коюңузчу, бул сөздүн гаранты сиз “подрушкеңиз” экөөңүздөр эмесизби. Же калп айттыңызбы?

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 12 =