Кыргызстанда дары дармектердин баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кымбатпы?

Каганат.

Күнүмдүк Кыргызстанда колдонулуп келген дары дармектер башка мамлекеттерге салыштырмалуу ого эле кымбат экендигин монополияга каршы агенттигинин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Башкы антимонополчунун билдиргенине таянсак Кыргызстандагы дарыканалардагы баа ар кай жерде ар кандай экендиги, жана ошону менен бирге эле кай бир дарылар өтө эле кымбат баада сатылат. Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келген дары-дармектердин салыгын жана келген жол киресин кошкондо дагы андай баа чыкпасын, ошону менен бирге эле көмүскө контрабандалык жол менен  дары дармектер да жок эместигин билдирген антимонополия өздөрү тоону карап отургандай таасир калтырып келет.

Чындыгында дал ушул дары-дармектерге болгон баа ушундай экен деп алакан жайып отурган антимонополия мындай мыйзам бузууга жол бербей, өз кызматын аткарганында башкача болмок. Бизде тескерисинче аталган кызмат өз айыбын өзү ачып иштегендин ордуна ооз менен курсак тойгузуп отурат. Бул боюнча монополияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери кандай иш алып бараарын, өзүлөрүнө тиешелүү аймактагы дарыкана, дүкөндөр менен келишип алып биргеликте иш алып барган айрым кызматкерлери тууралуу ошол эле дарыкана, дүкөндөрдөгү сатуучулар айтып келет. 

Ал эми аталган маселе боюнча Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы дары дармектерди контролдоо департаментинин башчысынын орун басары Жаңыл Жусупова чындыгында эле учурда дары-дармекке болгон нарк ар тараптуу болуп, айрым жерлерде кымбат баада сатып жатышкандыгын моюндаган. Бирок бул боюнча тиешелүү кызматтар  иш алып барса дары дармек боюнча Кыргызстандын рыногу чакан болгондуктан жөнгө салууга боло тургандыгын билдирген.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он − 2 =