Кирүү / Катталуу

Кыргызстанда “көмүскө” өкмөт түзүлдү

Бөлүшүү:

Каганат.

Бийлик бир жагынан социалдык баракчаларда отурган фейк адамдар менен күрөшүүсүн токтото электе Кыргызстандагы экстер жана башка коомдук ишмерлерден турган жоон топ көмүскө өкмөт түзүп жаткандыгын билдиришип, маалымат жыйын беришти.

Тактап айтканда көмүскө өкмөттүн башында экс-чекист Марат Иманкулов туруп аталган өкмөт өзүн өзү кадимкидей каржылай тургандыгы тууралуу маалымат таркатты. Ал эми Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу дал ушул өкмөттүн Тышкы Иштер боюнча вице премьери болгондугун тууралуу жар салды. 

Бир эле учурда, бир мамлекеттин ичине эки өкмөт түзүлуп бири бийликтин өкмөтү, экинчиси көмүскө өкмөт болгону бир чети таң калтырса, экинчи чети кооптондурууда. Себеби көмүскө өкмөттү колдойм дегендер үчүн эшик ачык деген таризде түзүлгөн бул экинчи топ менен учурдагы өкмөттүн жактоочулары ортосунда кагылыш болуп кетип мамлекетти экиге бөлүп жаруу коркунучу туулбайт деп эч ким кепилдик бере албайт эмеспи. 

Бир жагынан Кыргыз Өкмөтү өз ишин камчы салдырбай аткарганда, мындай көмүскө өкмөттөр түзүлбөйт беле деп да ойлойсуң. Калкыбызга төбөсү көрүнүп калган жарандардын мындай кадамга барышына балким өкмөттүн жана өкмөт мүчөлөрүнүн чабалдыгы себеп болуп жүрбөсүн.  өз ишин мыкты билген адистер четке сүрүлүп партиялык квота менен өкмөт мүчөлөрүнүн катарын толуктап, ишти эмнеден баштарын билбей кайсалактаган министрлер кабинеттин карап отуруп, балким Көмүскө өкмөт, өкмөткө кандай иштөөнү сөз менен эмес иш менен көрсөтүп берет чыгар деп да үмүттөнгөндөр да  жок эмес.

Кечээ Президентти социалдык баракчалардан жамандап, терс пикир калтырган адамдарды тизмектегендин ордуна кооптуу жагдай жаратып жаткан көмүскө өкмөттүн ишине УКМК неге унчукпайт таң калычтуу. Бир караганда 1917-жылы болгон кулака тартууда, большевиктер менен меньшевиктердин өкмөтү бийлик талашкандай эки тараптуу бул түзүлгөн өкмөт эмненин ичинен чыгаар экен.  

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

два × 1 =