Кирүү / Катталуу

Максат Кунакунов УКМКдагы кыйноолор тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

Каганат.

Абалтан бери келе жаткан абактагыларды кыйноо көйгөйү Кыргызстанда чечилбей эле күч алган өңдүү. “Кылмыш кылдым” деп мойнуна алдыруу үчүн УКМК кызматкерлери абактагыларга жан чыдагыс кордуктарды көрсөтүп жатканын экс-депутат Максат Кунакунов акыйкатчы институтунун кызматкерлерине билдирген. Айтымында, Кунакунов ичкен сууга психотроптук заттарды кошушкан. “Мен сууну ичкенден соң өзүмдү жаман  сезип чыкчумун. Камеранын терезелеринде айнектер жок болчу, аларды полиэтилен баштыгы менен жаап койчубуз”,-деген Кунакунов.

Ал эми дагы бир соттолуучу Алтынбек Жумагазиев андан да жаман кыйноолорду көргөнүн билдирген.  “Мени темир столго отургузуп ток тарттырышкан. Тырмактарымдын астына ийне сайып, башыма баштык кийгизип алып сабаган күндөрү болду”,-деген Жумагазиев.

Кунакунов дагы Жумагазиев дагы күнөөлөрүн мойнуна албай тургандарын айтышып, бул ишти бийлик эле жасап койгонун айтышкан.

Белгилей кетсек, Кунакунов “Манас” аэропортунан 20-июль күнү таңкы саат 04:00 чамасында өлкөдөн сырткары учканы жатканда кармалып, СИЗОго 48 саатка киргизилген эле. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы, ошондой эле Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты – Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаганы аныкталган.

Эскерте кетсек, Максат Кунакунов убагында “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

семнадцать + пять =