Оолуканда окуучуларга асылмай

Каганат. 

Жогорку Кеңеш менен министрликте отургандар эл ойлоп таба элек жаңы ачылыш ойлоп тааптыр. Эми алардын долбоорлоп жаткан мыйзамы окуучуларды 1-сентябрда эмес 15-сентябрдан тартып окуу күнү башталышы керек деген пикирде. Мындай пикирдин жаралышына 1- сентябрь учурунда көп окуучулар ата-энелерине түшүм жыйнаганга жардам бериши ал учурда бошобой, ансыз деле сабакка барбай коюп жатышкан имиш.

Деги эле бул депутат министрлер өздөрү  талаага чыгып эгин жыйнабагандын кесепетиби же кандай түшүнүксүз. Анткени сентябрь айынын башында күпүлдөгөн деле орук жыйык болбойт. Маселен тоолуу аймактарда сентябрь айынын аягы октябрь айынын башында түшүм жыйналмай башталса, Чүй, Ош айиагы экинчи түшүмдү дал ушул 15-сентябрдан тарта жыйнашат. Ал эми чөп чабык аймактарга жараша жыйналат эмеспи. Ал эми биздин атка минерлер кайсы түшүмдү жыйнап жатышат түшүнүксүз.

Ойлонуп отуруп оолукканда эле бир нерсени баштап калмайы бар биздин чиновниктердин таап чыгып, акылы жеткени ошол. Андан көро билим берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү, мектептердеги акча чогултууну токтотуунун жолу, мектеп мугалимдеринин абройун жогорулатуу, окуучуларды китеп менен камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу толгон токой маселеден таап чыккан маселеси ушул. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 1 =