Бишкекте учак кулап, 16 адам каза болду

Каганат.

Бишкекте Гонконг-Стамбул каттамындагы учак “Манас” аэропортунан алыс эмес жерге кулап, 16 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 15 жергиликтүү тургун жана 1 учкуч көз жумган. . Учурда жабыркаган 6 адамга медициналык жардам көрсөтүлүүдө, 3 адам жандандыруу бөлүмүндө.

Каза болгондордун жана ооруканаларга жеткирилгендердин өздүктөрү такталууда.

Гонконг-Стамбул регулярдык каттамындагы жүк ташуучу учак май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конмокчу болгону айтылууда.

Учак Turkish Airlines авиакомпаниясына таандык болгон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − сегиз =