Соттук териштирүүлөргө байланыштуу Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйыны болгон жок

0

Каганат.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын бүгүнкү жыйыны болбой калды. Буга КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын райондор аралык сотко жана прокуратурага кайрылганы себеп болду. Алар шаардык кеңештин биринчи жыйыны мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышып, арызданышкан. Соттук териштирүү бүтмөйүнчө жыйындар токтотулду.

Бул иш боюнча соттук териштирүү 27-январда болот.

Эске сала кетсек, 12-январда депутаттардын биринчи жыйыны болгон. Анда “Өнүгүү-Прогресс”, “Республики – Ата Журт” жана “Ата-Журт” фракцияларынын өкүлдөру жыйынга катышып, мандат тапшыруу болгон. Ошондой эле бул 3 фракция көпчүлүк коалициясын түзгөн.

 КСДП жана “Кыргызстан” партияларынан депутат болуп келгендер жыйынга келишкен эмес. Кийинчерээк алар биринчи жыйындын мыйзамсыз болгонун айтып, сотко кайраларын билдиришкен.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × эки =