“Улуттар Биримдиги” авикырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтат

Каганат.

Таң заардан учуп келе жаткан Боинг 747-400 учагынын кыйрашынан улам Дача- Суу айылынын тургундарынын бейкапар жаткан жеринен айттырбай келген кырсык бир канча замандаштарыбыздын өмүрүн жалмаганына “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын мүчөлөрүнүн кабыргасы кайышып отурат. 

Бул биздин мамлекет үчүн оор жоготуу. Күтүүсүз кырсыктан жаракат алгандар тезинен сакайып кетишине тилектеш болуу менен кайтыш болгон мекендештерибиздин жаны жанаттан болсун. Терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтабыз деп жазылган партиянын билдирүүсүндө. Ошону менен бирге эле бул окуядан жабыркаган жарандарыбызга “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы өз жардамын  аябасын кошумчалаган.

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 5 =