“Ансыз да аз болчубуз толбойт кочуш, Анан да азабыбыз дагы канча?…”

 Каганат.

Кечээ, 16-январь күнү эртең менен “Гонконг-Стамбул” каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшүп 40га чукул жарандарыбыздын өмүрүн  алган. Бул Кыргыз мамлекети үчүн оорду толгус оор жоготуу болду. Мындай окуяга кабыргасы кайышып турган мекендештерибиз каза болгондордун жакындарына кайрат айтып, бүгүн 17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт дегендей,  төмөндө акындарыбыздын калемине таандык жан дүйө жаңырыгы:

 Атантай Акбаров: «АЗА, КАЙГЫ, КНОПКА…»

10001461_1412771195642214_994864033_n

Капилеттен кайткан кезде Чокморуп, 
Кашка тишим алгансыгам омкоруп. 
Колдон чыккан жердей бизге кайтпаган, 
Жолон өлгөн күнү дагы какшагам.

Тууң өлөт, өлгөн кезде мыктылар, 
Даанышмандык тая түшөт кээринен. 
Чыкем өлсө, Жер бөксөрүп ченинен, 
Кыргыз Руху бир тартылып, кемиген.

… Мезгил акпай, кан агылган учур ал, 
Калк кайгысы – өлүк деңиз карасак, 
Ооматына балта чапкан кыргыздын, 
Ош окуя жүрөктөгү кара так…

Чекит койгон адамга өмүр сүргөнгө, 
Кайсы күч бар ажалды артка сүргөнгө? 
Кышта 17 гүлгүн кыз бүт күйгөндө, 
Таштай сынгам, сөз таба албай сүйлөргө.

Көрдөй чуңкур көзү менен бул кайгы 
бүгүн дагы бизге жаман карады оф!.. 
Дача-Сууда талкаланып самолет, 
Кыркты бирдей жалмап өттү ажал от.

Калтырбай бир чыга каччуу чараңды, 
Качырбастан капыс баскан адамды, 
Кайгы, сени көрө турган көзүм жок, 
Кайгы, сенин жүргөн жериң караңгы…

Аза десе азат боюм зыркырап, 
Арбактардын ыйы угулат чуркурап. 
Аска, зоосу, Асман-Жери чогуу ыйлап, 
Атпай кыргыз жоктоп турат буркурап…

Кеткен жандар билем артка кайтпашын… 
Кыргыз эми кыргын жолду баспасын! 
Жер – кнопка, талкаланат бир бассаң, 
Оо Жараткан, Кыяматтан сактагын! 
Оо Жараткан, Кыяматтан сактагын!..

 

 

Акбар Кубанычбеков: 17.01.17 (туман)

14039909_1059723637444635_1580778580148623234_n

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Учак жолун торогон туман, туман,
Үнсүз гана аргам жок ыйлап турам…
Бешенеге жазганын көрсөк дагы,
Бараткансыйт түгөнүп ичте чыдам…

Сыноо кетпей башынан улутумдун,
Сынды өмүрлөр таңында улуу түндүн.
Сабыр кылып уучка биригели,
Санаасынан ойгонуп ушу күндүн.

Канын жутуп муң-зардын ченелбеген,
Кандай жан бар ажалды жеңем деген?
Кабыргалар майышып турган чакта,
Кайраттанып туралы жер-эл менен.

Мындан ары карылар, жаштар эсен…
Момундарын Жараткан сактаса экен.
Мезгил үнүн тыңшаган акындарым,
Муңдуу аза ырларын жазбаса экен…

Жүрөк боздоп, селдейип катып турам,
Жарылчудай көөдөндө ашып чыдам.
Болду кырсык жибербе суранамын,
Бизден кетсин жолобой алыс туман.

 

Эрмек Чилде уулу: «Ансыз да аз болчубуз толбойт кочуш»

11258033_1599887936929146_8411400936496332077_n

Ансыз да аз болчубуз, толбойт кочуш.
Анан да азабыбыз дагы канча?
Ажалдын арышынан болбос озуш,
От бүркүп тик төбөңдө даарып алса…

Түгөнбөйт булагыңдай көз жаш деле,
Түнөрүп туман чалат арт жагыңды.
Түбүңдөн асырап ал жок дегенде,
Түбөлүк өзүн сага таштаганды.

Калган жок сенин бутуң баспаган жер,
Таланып кетсең деле түгөнбөдүң.
Чачылып жүрсөң дагы деңиздерде,
Жоготпой келет дайым үнөмдөгүм.

Ансыз да аз болчубуз толбойт кочуш,
Анан да азабыбыз дагы канча?😞

Бердибек Жамгырчиев: «Ыйла жүрөк»

13516357_1794230294155717_946955246478112152_n

Эч бейкапар, тынч уйкуда жатканда,
Бир боорлорго ажал кулап ак таңда.
Ата журттун эңшерилип капталы,
Аза күүсү боздоп жатты асманда.

Үйлөп таштап көңүлдөрдүн жалынын.
Жалп өчүрүп өмүрлөрдүн жарыгын,
Бүт жан-дүйнөм сыздап турат бүлүнүп,
Жүрөгүмдүн кескен өңдүү жарымын.

Каректерим карайлады канталап,
Калемимден сыя эмес кан тамат, 
Бир көз ирмем алып кетти заматта, 
Канча өмүрдү бүтүн бойдон талкалап.

Оо Жараткан, баардыгына күбөмүн,
Бузба ажал эл-журтумдун түнөгүн.
Бүтүн кыргыз зарлап турат карачы,
Алаканга мыкчып алып жүрөгүн.

Кетпей турат улам мээге топтолуп,
Түшүм болуп калса деген чолок ой, 
Көз ирмемде үй-бүлөөсү жок болуп,
Бир жеткинчек жетим калды томолой.

Кандаштар ай, кабыргасы ката элек ,
Кантип басам суудай аккан кан жерди,
Бир наристе бир да таңы ата элек 
Энесинин курсагында жан берди.

Берсе эмне тагдырлардын жакшысын,
Ыйла жүрөк, кайгың соолуп какшысын.
Тууганымдын ажалына ыр жазбай,
Жазсам эмне кубанычын бактысын…

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 4 =