Учак кырсыгынан каза болгондордун үй бүлөсүнө президент 100 миң өкмөт 70 миң сом бөлөт

Каганат.

Өкмөттүн аппаратынан  билдиришкендей, өкмөт учак кырсыгынан каза болгондордун үй бүлөсүнө  70 миң сомдон акча бөлөт.

Ал эми кечээ Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев жыйында президент Алмазбек Атамбаев авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сом өлчөмдө материалдык жардам көрсөтөрүн айткан.

Эске салсак,  кечээ 16-январь күнү эртең менен “Гонконг-Стамбул” каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы

“Манас” аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшүп 30дан ашуун адам каза болгон жана жыйырмадан ашуун турак-жай кыйраган.

Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар. Арасында жаш балдар да бар.

 Учурда авиакырсыктын себептери расмий айтыла элек.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

алты + 18 =