Абактан бир канча уюлдук телефон, героин табылды

Каганат.

14-январь күнү Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн наркотикага каршы күрөшү бөлүмү менен жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери №8 Петровка аймагындагы түзөтүү колониясын эскертүүсүз текшерүүгө алышкан. Текшерүүнүн алдында  эч кимди чыгарбоо жана киргизбөө максатында жолдорду жаап, колонияны тегерегин курчоого алып башташкан. Жыйынтыгында жалпысынан 50 грамм героин, 58 даана ар кандай моделдеги уюлдук телефондор, 52 даана бычак жана колго жасалган учтуу темирлер табылып алынды. Ошону менен бирге эле колониянын кызматкерлеринин жардамы менен 3 жүк ташуучу автоунаага жүктөлүп, чыгарылып бара жаткан эмеректер токтотулуп териштирүүго жөнөтүлгөн.

Колониянын кызматкерлеринин айтымында жүк ташуучу унаага жүктөлүп чыгарылып бара жаткан эмеректер колониянын кызматкерлериники экендигин айтышууда. Бирок бул боюнча териштирүү жүрүп аныкталгандан кийин обьективдүү жооп айтылаары Чүй ИИБи билдирген. Буга чейин дагы дал ушундай текшерүүлөр болуп көптөгөн тыюуу салынган буюмдар алынган эле. Эми дагы дал ушундай күтүүсүз текшерүүлөрдү башка колонияларга жүргүзүү болоорун аталган кызмат билдирген.

Буга чейин абакта жатып телефон аркылуу ар кандай алдамчылык  фактылары катталып жаткандыгы байма бай айтылып келген. Бир эле абактан ушунча уюлдук телефон табылып жатса. Кыргызстандагы абактарда канча телефон жана дагы канча тыюуу салынган буюм тайымдар бар деген суроо пайда болот. Азыркы тапта Кыргызстанда 10 миңдей түзөтүү колониясында соттолгон адамдар бар.

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

үч × беш =