Илимдер Академиясынын имараты ижарага берилет

Каганат.

Негедир Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик мекемелердин имараттары акырындык менен жүрүп отуруп жеке менчикке айланып кетет. Же болбосо айланасы толо ар кандай көңүл ачуучу борбор, тамак ичүүчү жай ал тургай саунага да айланып калган учурлар байма бай кездешет. Кечээ мамлекеттик мүлк фондусу мамлекеттик сатып алуулар порталына Кыргызстандагы жападан жалгыз Улуттук Илимдер Академиясынын 291,5 чарчы метр бөлүгүн ижарага берээрин жарыя кылган. 

Ырасында Кыргызстан ансыз деле илим билимден аксап турган учурда, билимиңе батегим дегендей мамиле жазап мамлекеттик мүлк фондусунун ижарага тунуп атканы жанды кейитпей койбойт. Себеби дал ошол илимдер академиясынын бош турган жерине кандайдыр бир илимий музей, же лабораторияларды ачса неге болбосун. Же акча үчүн баардыгын жасай бергенге болот деген таризде бул кылган ишин кой деп койгон адам жок.

Анткени дал ушундай бош тургандыгынан ижарага берилип жатат деген ордо калаабыздагы көзгө басаар спорт ордобуздун ичине сауна жайгаштырышты. Оштогу театрды кой Бишкектин чок ортосунда жайгашкан орус драм театрынын бир тарабы бүтүндөй көңүл ачуучу жайларга толуп калганы баарыбызга маалым. Ошондой эле филармониянын күңгөй-тескейине түнкү клуб, ресторандар жайгашкан.  Эми маданий имараттар бүтүп илимий имараттарга өткөндөйбүз. Анткени дал ушул илимдер академиясынын имаратын ижарага алган адам ал жерге эмне жайгаштырса өзү билет. Балким сауна же түнкү клуб ачып алса, илимдер академиясынын алды дагы жогорудагы аты аталган имараттардын кейпин киеби? 

Мына ушундай мамлекеттик имараттарды ижарага берип отуруп акыры менчикке чыгып кеткен учурлар көп эле. Бирок андан мурун этикага жатпаган жогорудагыдай көңүл ачууучу борборлорду ачууга тыюуу салган критерийлери жок, ижарага берген мамлекеттик мүлк фондусуна акча болсо эле болдубу деген ой келет. Иштесе да иштебесе дагы улуттуке илимдер академиясы илим билимдин башаты, келечек окумуштууларыбыздын кыялданган имараттарынын бири экендигин билип чара колдонуп көзөмөлдөй турган бирөө барбы?

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

14 − бир =