Депутат: «Балыкчы – Корумду жолунун курулушу кайрадан үзгүлтүккө учураганы турат»

0

Каганат.

Балыкчы – Корумду жолунун курулушу кайрадан үзгүлтүккө учураганы турат. Каражат жок деген шылтоо менен жумушчуларга үч айдан бери маяна төлөнбөй жатыптыр. Ошондон улам, курулуш иштери токтоп калды. Ал 2017-жылы дагы бүткөрүлбөй турганы тууралуу маалымат бар. Өкмөт бул багытта шашылыш чараларды көрүп, курулуш иштерин каржылоо маселесин чечүүсү зарыл. Бул тууралуу депутат Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Маалыматка караганда, Балыкчы – Корумду жолунун башкы подрядчиги – кытай компаниясы жол куруу иштерин 2017-жылдын ичинде бүткөрө албайт. Эгер ал кошумча техникаларды тартса, жол курулушун 2018-жылы аягына чыгарылат имиш. Өкмөт башкы пожрядчиктин өз милдеттенмелерин так аткарышын, жолдун курулуу мөөнөтүнүн сакталышын катуу көзөмөлгө алышы зарыл. Антпесек, дагы бир турсезонду үзгүлтүккө учуратып алабыз», – дейт эл өкүлү.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × төрт =