Максим Бакиевдин мүлктөрүнүн сатылышын иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү

0

Каганат.

Жогорку Кеӊеште Максим Бакиевдин, Алексей Ширшов, Алексей Ширшов сындуу Бакиевдердин айланасында жүргөн адамдардын мүлктөрүнүн сатылып кетүү жагдайларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутат Канатбек Исаев кезинде Максим Бакиевдин Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан 1,28 га жер участогу камакка алынганын, ал кийин сатылып кеткенин билдирди. Анын айтымында, бул жердин 2013-жылдагы рынок баасы боюнча 2 млн доллардан ашык каражатты түзөт. Ал эми азыркы баасы 3 млн доллардан ашык.

«Максим Бакиевдин жери кандай негизде камактан чыгарылып, башка колго өтүп кеткен, дыкат иликтөө керек», – деген депутат мурда кандайдыр бир себептерден улам ушул сындуу бир катар мүлктөр улутташтырылбай калганын белгиледи. Азыр аларды иликтеп чыгып, мамлекеттин карамагына алуу милдети турат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин өткөн жыйынында да ушундай маселе көтөрүлүп, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − 3 =