Барак Обама жүздөгөн наркомандарга кечирим берди

0

АКШнын экс-президенти Барак Обама баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү иштери боюнча камакта жаткан 330 адамдын жазасын жеңилдетти. Бул тууралуу «Правда.ru» жазган.

Американын АК үйүнүн сайтындагы маалыматка ылайык, Обама АКШнын президенти болуп турган маалда жалпы 1715  чечимди жеңилдеткен. Бул көрсөткүч мурунку 13 америкалык башчылардын арасынан эң көбү болуп саналат. Жеңилдик алгандардын арасынан 568 адам өмүр бою эркинен ажыратылгандар болчу.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” tag=”Америка” id=”84628″ status=”publish” orderby=”dateD”]

18-январда Барак Обама 209 адамдын өкүмүн кыскарткан жана 64 адамга кечирим берген. Алардын арасында Челси Мэннинг да бар. Ал 2009-2010-жылдары АКШнын Ирактагы аскердик операцияларын байланыштуу 700миңден ашуун аскердик жана дипломатиялык маалыматты жана видеофайлдарды WikiLeaks порталына берип жиберген.

 АКШда марихуананы жана башка баңгизаттарын мыйзамдаштыруу аракети күч алууда. Мурунураак Обама марихуана чегүү жөн гана жаман адам экенин айтып, жаш кезинде ал дагы колдонгонун белгилеген.

“Жаш кезимде мен “чөп” чекчүмүн. Бул тамеки тартуу сыяктуу эле жаман адам. Тамекини мен жаш кезимден тартып бир топко чейин чегип жүрдүм. Марихуана алкоголдон коркунучтуу деп ойлобойм”,-деген Обама.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 − он төрт =