Каганаттан саресеп: Өкмөт өлкө башчысынын катчылыгына айланып, демократиясы ашынгандар Ажолуу болду

0

Каганат.

Асмандан айттырбай келген кырсыкка, учактын кыйрашына байланыштуу тема бүгүн дагы козголбой койгон жок. Түрк авиакомпаниясынын жана депутаттардын билдирүүсүнөн кийин Транспорт министрлиги актангандан башка айла тапкан жок.

 [latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87077″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Министрлик кырсыкка себепкер болгон жана кыргызды карайлаткан жумасына 2 жолу учууга уруксат берилген Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамынын коммерциялык укугу жок болгонун билдирип, жүк түшүрүлмөк эмес деп жар салды.

Ал ортодо ИИМ болсо айрым маалымат булактары кырсык учурунда мародерчулук болгондугун жазып чыгышканын, бирок бул маалыматтар калп экенин билдирди. Бул кабарды уккан “кыргыздын башына кара түн түшүп жатса калкыбыз кантип мародерчулукка барсын” деп кейип жаткандардын кабагы жарк деп ачылып, кудуңдап сүйүнүп алышты. Себеби кыргыз эли берешен, айкөл экенин кырсык болору менен бир муштумга биригип, гуманитардык жардам чогултуп, өкмөт болсо каражаттар үчүн атайын эсеп ачкан болчу.

Ошол эсептер тууралуу маалыматтарды элдин эсине дагы бир жолу салып, KAGANAT.KG сайты маалымат жазып чыкты. Дал ушул эсепке келген каражаттын суммасы 20-январь, саат 17:00гө карата 19 миллион 129 миң 872 сом болгонун ӨКМ билдирди.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87194″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ал эми эли мүңкүрөп, кан жутуп турганда президент кырсык болгон жерге барбай койгону, жок дегенде теле аркылуу элине көңүл айтууга жарабаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган соң биринчи вице-премьер министр Мухамбеткалый Абулгазиев өлкө башчысын актап кирди.

Мамлекет башчыбыз бардык окуяларды көрүп-билип жатат деген Абулгазиевдин сөзүнөн көпчүлүк күмөн санап турган кез. Кызыгы акыркы күндөрү бул өкмөт Президенттин басма сөз кызматы же секретаршасына айланып калгандай эле таасир берүүдө.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87051″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Анткени өткөндө Бекмамат Осмоновдун 70 жылдык кечесинде, андан мурун айт намазда Президенттин куттуктоо катын окуган эле. Эми Президент эмнеге эл алдына чыкпай жатат деген суроого Мухамбеткалый Абулгазиев чыгып жооп бергени андан дагы кызык болуп туру. Бар –жогу билинбей, эмне президенттин администрациясы тезек терип отурабы деп сурагандар да чыкты.

Ал ортодо жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров, Кален Төрөгелдиев жана Жеңиш Жумалиев кыйраган учактагы жүктүн чоо-жайын тезинен аныктоо талабы менен талаптары жазылган жазууларды көтөрүп, нааразычылык акциясына чыгышты.

Парламентте, Өмүрбек Текебаев узундугу 432,78 чакырым, 87 көпүрө, 28 тунел курулушу керек болгон, 12 миллион тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу акыркы кездери чабал жүрүүдө, деп билдирди.

Долбоор аябай маанилүү болчу. Бирок акыркы кездери токтоп калды. Президент Алмазбек Атамбаевдин жакында Кытайга жасаган сапарында ушул маселе боюнча сүйлөшүү жүргөн. Анын жыйынтыгы маалымдалууга тийиш, деди Текебаев.

 Кышкы сууктан улам Нарында каникулга тараган окуучулар 23-январда окуй турганы белгилүү болду. Ал эми Түп районунда болсо окуучулар бир жыл мурун [latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87221″ status=”publish” orderby=”dateD”]

16 миллион сомго салынган мектеп көгөрүп кеткендиктен окууларын токтотууга мажбур болушкан.

Кочкор районунда каникул учурунда чоң класстын балдары мушташып, натыйжада бир окуучу каза болсо, дагы бир окуучу ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Бул окуяга байланыштуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматты, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана Капар Кадыралиев атындагы мектептин директорун иштен алуу боюнча министр Гүлмира Кудайбердиева чечим чыгарганын билдирди.

Мэрликке көрсөткөн талапкери өтпөй калган “Өнүгүү-Прогресс” болсо “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп БШК менен соттошоорун билдирди.

Ааламда

Орусияда Орусия президенти менен анын айланасындагы аткаминерлер үчүн эксклюзивдүү оорукана курулууда. Ал советтик мезгилден бери жогорку кызматтагы аткаминерлерге медициналык кызмат көрсөтүлүп келген Борбордук клиникалык оорукананын аймагындагы үч кабаттуу корпуста жайгашат.

Жаңы оорукана болгону 10 кишиге ылайыкталып, президент, премьер-министр жана алардын айланасындагы өзгөчө жакын адамдар гана пайдалана ала турган байланыш системасы менен жабдылат. Долбоор дээрлик 3 миллиард рублге бааланууда.

Америкада

shutterstock_118357066

Американын жаңы президенти ишке киришти. Бул үчүн Дональд Трамп 19-январда Вашингтонго келген. Бүгүн, жаңы президент Дональд Трамптын жана шайланган вице-президент Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өтөт. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышат. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон менен чогуу чакырылган.

Аземдин алдында Дональд Трамп Арлингтон көрүстөнүндөгү Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Вашингтондогу майрамдык концертке катышты. “Биз Американы бириктирип, аны кайрадан улуу мамлекет кылууну каалайбыз”,- деди Трамп концертте чыгып сүйлөп.

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Дээрлик 28 миң полициячы жолдорго тосмолорду жана чектөөлөрдү коюп чыгышты. Борбордук аянтка кум [latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87139″ status=”publish” orderby=”dateD”]

жүктөлгөн унаалар апкелинди.

Ошондой эле АКШ борборунда, Нью-Йоркто жана башка шаарларда жаңы президентке каршы массалык митингдер өтөрү күтүлүүдө.

Ал эми ашынган демократия орун алган АКШнын  экс-президент Барак Обама баңгизаты менен кармалып камалгандардын жазасын жеңилдети. Обама жалпы жонунан 1715 соттук чечимди жеңилдеткен. Бул көрсөткүч мурунку 13 америкалык башчылардын арасынан эң көбү болуп саналат. Жеңилдик алгандардын арасынан 568 адам өмүр бою эркинен ажыратылгандар да бар.  

18-январда Барак Обама 209 адамдын өкүмүн кыскарткан жана 64 адамга кечирим берген.

Түркмөнстанда

112664939_large_1

Түркмөнстанда президенттике талапкерлерди каттоо аяктады. 12-февралда өтө турчу шайлоого 9 талапкер катталды. Алар эл менен жолугушууларын улантууда. Түркмөнстанда биринчи жолу шайлоого үч саясий партиянын өкүлдөрү жана демилгечи топтор жылдырган талапкерлер катышат.

Мамлекеттик ММКлар кабарлашкандай, алардын бардыгына шайлоочулар менен жолугушуу, телекөрсөтүү, радио, жана гезит-журналдарда пикир билдирүү боюнча бирдей мүмкүнчүлүк берилди.

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы президент Гурбангулы Бердымухамедовдон башка бардык талапкерлердин шайлоо программаларын жарыялады.

Тажикстанда

0007

Былтыр Тажикстандын ИИМи өлкөдө 36 террордук чабуулдун алдын алып, теракт жасоону пландаган 50 кишини кармаган. Бул тууралуу мекеме башчысы Рамазон Рахимзода билдирди. Ички иштер министри кармалгандардын бардыгы тең «Ислам мамлекети» тобунуна кошулган Тажикстандын жарандары болгонун белгиледи.

Жалпысынан өткөн жылы 34 уюшкан кылмыштуу топтун бети ачылып, алардын 169 мүчөсү кармалган. Рахимзоданын айтымында, айрым тилкелерде террордук топтордун топтолгону байкалганы менен учурда тажик-ооган чек арасындагы абал туруктуу.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 9 =