«Йакын инкар» диний тобу кимдер?

Каганат.

Аксы районунан Кызыл Туу айылындагы «Йакын инкар» диний тобунун 10 мүчөсүнө даваатчылык кылууга ИИМдин кызматкерлери тыюуу салып, айып пул салды. Аталган топтун 8 адамы Нарындан калгандары башка региондордон келген. Негизинен Кыргызстанда аталган топко өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюуу салынбаганы менен, текшерүүдөн өтүп, Кыргызстан диний мусулмандар башкармалыгы тарабынан уруксаат кагазы менен дааватка чыгуусу керек. Ал эми аталган топ эч кандай имамдын же Кыргызстан диний мусулмандар башкармалыгынан уруксаат алышкан эмес.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87082″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Негизинен аталган топтун көпчүлүгү Кытайдын Кашгар аймагынан чыгып, Кыргызстанга акыркы учурларда кулачын кенен жайып келет. Ошону менен бирге Кыргызстандагы “Таблиги жамаат” кыймылы менен бат баттан пикир келишпестиктер болуп, аталган диний кымылдын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу керектигин “Таблиги жамаатчылар” белгилешкен. 

“Йакын инкар” диний кыймылы өздөрүн  негизинен Мухаммед пайгамбардын жолун жолдогондор деп чечмелешет. Алар жаңы заманбап технологияларды кабыл албай, эски пайгамбардын учурундагыдай жашоо менен жашаш керек деген максаты бар. Ошону менен бирге эле кыска кийинүүгө тыюу салып узун кийим жана сакал чачтарын өстүрүп жүрүү шарты бар. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − төрт =