“Боинг-747” учагынын бир кара кутусунун маалыматы окулду. Авиакырсык тууралуу маалымат сакталган

Каганат.

Мамлекеттер аралык авиация комитетинен билдиришкендей,  “Боинг-747” учагынын бир кара кутусунун маалыматын чечмелөө мүмкүн болду.

Маалым болгодой,  кара кутудагы үндү жаздыруучу жабдыктагы маалыматтарды калыбына келтирүү иштери аяктап, ичиндегилер окулган. Алдын ала анализдер боюнча, кырсык тууралуу маалыматтар да бар.

Кара кутулар катуу жабыркап, жогорку температурага кабылгандыгы аныкталды. Алдын-ала маалыматка ылайык, аларда  авиакырсык  тууралуу маалымат сакталган.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”86919″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Бирок анда эмнелер тууралуу сөз болгону айтыла элек. Кара кутуну окууга Түркия, АКШ жана Кыргыз Республикасынан барган адистер да катышкан.

 Ал эми буга чейин “кара куту” катуу жабыркап калгандыктан ичиндеги маалыматтар окулбай калышы мүмкүн экени айтылган.

 Эске салсак, 16-январда  Дача-Суу кыштагында эртең менен Боинг-747 учагы кыйрап 40 ка жакын адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми 20 дан ашуун үйлөр жараксыз абалга келген. Учурда кырсыктын себеби расмий айтыла элек.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 2 =