Азимжан Аскаровдун “укук коргоочулары” эми Дооталиеванын укугун коргомок болду

Каганат.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин үстүнөн сотко кайрылат. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Төлөйкан Исмаилова билдирген.

Андагы маалыматка таянсак, “Бир дүйнө-Кыргызстан”  уюму аталган мамлекеттик органдар жарандардын эркиндигин жана маалымат алуу укугун чектеди деп эсептейт.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бул маселеге байланыштуу Биринчи Май жана Ленин райондорунун сотуна кайрылууга арыз даярдалууда.

Эске салсак,  Саламаттыктык сактоо министрлигинин статс-катчысы дарыгерлерге маалымат каражаттарына комментарий берүүгө жана жумуш учурунда социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгону айтылган.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”73745″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ал эми 16-январда Медициналык академиянын аспиранты Таттыгүл Дооталиеванын учак кырсыгынан набыт кеткендерди шылдыңдап, Фейсбукка жазган билдирүүсү коомчулуктун кыжырын кайнатып, чоң талкуу жараткан.

Көп өтпөй анын үстүнөн аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган эле.

Эске салсак, “Бир дүйнө – Кыргызстан”  уюму Кыргызстанда 2010-жылы июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду коргоп келет.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы керек болсо абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошкон.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”61942″ status=”publish” orderby=”dateD”]

 Анда Аскаровго карата чыгарылган өкүмдүн адилеттигинен да күмөн саноо бар экени жана анын ден соолугу начарлап жатканы жазылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деп билдирүү жасаган. Бул билдирүүнү жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар кубаттап чыккан.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстан БУУнун сунушун аткарууга милдеттүү экенин билдирип, Азимжан Аскаровду мамлекет куугунтуктап, аны мыйзамсыз камаган, кыйнаган, 6 жылга жакын убактан бери бир дагы сот акыйкаттуу болгон эмес деген.

БУУнун адам укуктары комитети айткандай, аны сөзсүз түрдө бошотуу керектигин билдирген Исмаилова. 27-майда “Бир Дүйнө-Кыргызстан” уюму Аскаровдун мүлкүн конфискациялоого Мамлекеттик мүлк фонду аралашууга укуксуз деген билдирүү тараткан.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”85937″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Анда Аскаровдун сот тарабынан конфискацияланган турак жайы энесинен калган мурас катары саналып, азыр үй-бүлөсү жашап жатканы айтылат. 

Бул учурда ИИМдин ардагери белгилүү жактоочу Шарабидин Токтосунов, Азимжан Аскаровдун сотун кайра баштан кароо, бүтүндөй ички иштер кызматкерлерин кемсинтүүгө барабар экенин айтып чыккан эле. 

Өз улутунан да бир кылмышкерди жогору койгон укук коргоочулар, кечээ эң оор кылымыш жасаганы айгинеленип ѳмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерди коргоп, бошотулсун деп, июнь коогалаңында мерт болгон милиция кызматкери  Мыктыбек Сулаймановдун бала-чакасын, жесир калган жубайы Чынара Бечелованын укугу тууралуу ойлонбогону ѳкүндүрсө, бүгүн кыргыздардан айрылып жатканына сүйүнгөн Дооталиеванын дартын угабыз дегени кызык болууда.

Ушундан улам, акча жыттанган жердин кулуна айланышпай напсилерин тыйышса дейсиң….

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × төрт =