Кан жутуп турган калкынын кайгысын тең бөлүшкөн ажолор

1

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев Дача-Суу айылында учак кырсыкка учураганда басма сөз кызматы аркылуу гана кыргыз элине көңүл айтып, бирок кырсык болгон жерге барып, кан жутуп турган калкынын кайгысын тең бөлүшкөнгө жарабады. Ажонун бул кылганын ар ким ар кандай жоромолдоп, нааразы болгондордун саны күн санап өсүп келет. Кырсык болгон жерге барбаса дагы жок дегенде теле аркылуу элге көңүл айтып койбойбу деп кыжырдангандар андан көп.

Биз болсо элинин башына мүшкүл түшкөндө мүңкүрөп тургандарды колдогон ажолор тууралуу жазууну туура көрдүк.

Түркия

2011-жылы Түркиянын чыгыш тарабында жайгашкан Ван провинциясында, Эржиш аймагында күчү 7,2 баллга жеткен жер силкинүүдө 264 адам курман болуп, 1000ден ашуун адам жаракат алган. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган кырсык болгон аймактарга дароо барып, куткаруу операциясын өзү жетектеген.

111024083738_6Элинин башына иш түшкөндө эле эмес, жалгыз адамдар жардам сураганда кол сунуп келген Режеп Тайип Эрдогандын калкына кылган сыйын мындан билиңиз.

Түркиядагы жетим бала мектептеги чогулушка президент Эрдогандын келишин суранып, кат жазып берүүсүн мугалимден өтүнгөн. Мугалим катты жөнөткөнү менен балага ажонун иши көп экенин, ал келе албаса капа болбошу керектигин билдирген. Ата-энелер чогулушуна Режеп Тайип Эрдогандын келиши көпчүлүктү таң калтырып, элдин жүрөгүн жылыткан. Эрдогндын: “Мен бардык атасыз калган түрк балдарынын атасымын” дегени анын чыныгы журт атасы экендигин айгинелеп турат.

1453555320Орусия

2013-жылдын 30-декабрында Волгоград шаарында ичинде жүргүнчүлөрү бар троллейбус жарылып, 16 адам дароо көз жумган болсо,  28 киши жарадар болгон. Жан кечти уюштурган жардыруу боюнча президент Владимир Путин дароо чукул жыйын өткөргөн. Ошондой эле өлкө башчысы жабыркагандар жаткан ооруканага барып кабар алган.

bez-nazvaniya

Түштүк Корея

2014-жылдын 16-апрелинде Түштүк Кореяда “Севоль” кемеси чөгүп, каза болгондордун аны 290го жеткен. Анда көз жумгандардын көбү мектеп окуучулары болгон. Алар Чеджу аралына саякатка бара жатышкан жеринен сууга чөгүшкөн. Президент Пак Кын Хе элине кайрылып, куткаруу иштери начар болгондугун мойнуна алып, ыйлап кечирим сураган.

92898077_036806746-1Италия

2016-жылдын 24-августка караган түнү Италияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен 250дөн ашуун адам каза болуп, 300дөн ашуун жаран жабыркаган.

Асколи-Пичено шаарында каза болгондор менен коштошуу зыйнаты болуп, аза күтүү иш-чарасына Италиянын премьер-министри Маттео Ренци жана президенти Серджо Маттарелла барган. Андан соң өлкө башчысы адамдар эң көп каза болгон Аматричеге барып, калкына көңүл айткан.

52bdd8a8668df2886cf852038febd28d__1200x630Кытай

2014-жылдын 3-августунда Кытайдын Лудянь уездине караштуу Чжатоун шаарында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө көптөгөн өмүрлөрдү кыйган. Кырсыктын кесепетинен 381 адам каза болуп, 1800дөн ашуун адам жаракат алышкан. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кырсык болгон жерге барып эли менен кыйын күндө бирге болгон.

133936751_14218817081001nАКШ

АКШнын президенти үчүн элинин тагдыры баарынан маанилүү экенин мындан улам билсеңиз болот. Президент Барак Обама шайлоо өнөктүгү болуп жатканына карабай кан жутуп тургандар үчүн атайын 3 күнүн бөлгөн. 70ке жакын адамдын өмүрүн алга кырсык 2012-жылдын 29-октябрында башталган. Анда “Сэнди” деп аталган бороон-чапкын Нью-Джерси, Нью-Йорк и Коннектикут шаарларына өтө көп зыян келтирген. Обама з элин бооруна кысып сооротуп, колунан келген жардамын аяган эмес.

article-2225865-15c8ee65000005dc-350_964x840

Канчалык жамандап бүтө албай, артынан далай кептерди айтканыбыз менен Кыргызстандын мурунку президенттери дагы элинин кайгысын тең бөлүшүп, кыйын учурда калкына тирек болуп келишкен.

Жалал-Абаддын Сузак районунда болгон жер силкинүү дагы далайлардын жанын алган. Кырсык болоору менен президент Аскар Акаев абал менен таанышуу үчүн зилзала болгон жерге барып, жакындарын жоготкон жашоочуларга көңүл айткан.

2008-жылы болсо Алай районунун Нура айылында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен  75 адам көз жумган.  Президент Курманбек Бакиев өкмөт жетекчилери менен биргеликте тик учак менен кырсык болгон жерге барып, элге көңүл айткан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

төрт × 2 =