Медиктерди УКМК кыйнап жатабы же ИИМби?

0

Каганат.

УКМК акыркы кездерде өз ишин аткарбай эле Фейсбукту аңдуу менен алек боло баштаганы баарыбызга маалым. Эми дал ушул УКМК кызматкерлеринин укуругу медицина тармагына жетиптир. Депутат Жанарбек Акаев УКМК кызматкерлери «Воронцовка» курортология институтунун директору Султанмуратовдон 200 миӊ сом талап кылганын билдирди. Айтымында, Султанмуратов болсо  врачтарды кыйнап жатат.

«Сүйлөшүүлөрдүн аудиожазуусу бар. Мындай кызматкерлерге карата иштиктүү чаралар көрүлүшү керек. Кезинде өкмөт башчысына Султанмуратовду кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизген экен, бирок ал азыр деле иштеп жүрөт», – деди эл өкүлү.

Бирок Акаев УКМК Султанмуратовдон эмнеге анча акча талап кылганын билдирген жок. Тескерисинче Султанмуратовдун иштен эмнеге алынбаганына кызыкты.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87541″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков болсо, «Воронцовка» курортология институтунун директору Султанмуратов көчөдөн келип, кызматка шайлоосуз эле дайындалып калганын кошумчалады.

«Менде дагы ошондой бир арыздын көчүрмөсү турат, акча талап кылган УКМК эмес, ИИМ кызматкерлери болушу мүмкүн», – дейт ал.

УКМКбы же ИИМби медиктерден эмнеге акча доолашы керек? Бир эмес эки депутат сөз кылып жаткан соң бул жерде чоң саясат жатат го деген бүдөмүк ойлорго азырынча жооп жок.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 6 =