Эл аралык авиция комитети учакты изилдейби же жүктүбү?

Каганат. 

Мамлекеттер аралык авиация комитетинин комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн чукул маалымат жыйынын өткөрүштү. Комиссиянын төрагасы Леонид Каширский кара жащик ачылгандыгы жана андагы маалыматтар толугу менен окулуп бүтө электигин билдирген. Бирок азыркы таптагы кара жащиктеги учкучтардын сүйлөшүүсүндө эч кандай кырсык тууралуу маалымат болгон эмес. Ал тургай учактын мотору дагы жак5шы иштеп жаткандыгын кошумчалады. Ошону менен бирге эле алдыңкы дагы 5-6 ай аралыгында толугу менен изилденип бүтөөрүн билдирди. 

Кызыгы Леонид Каширский учактагы жүк тууралуу дагы кеп козгоду. Комиссиянын төрагасынын айтымында жүктүн ээси бир компания жана ал тууралуу айта албайм, жана жүк Стамбулга бармак деген табышмактуу билдирүүсүн таштады. Ошондой эле Боинг 747-400 учагы бул жактан май куюп гана кетмек экендигин бир нече ирет баса белгиледи. 

Албетте мамлекеттер аралык комиссиянын изилдөө институту канчалык деңгээлде профисионалдуу экендиги тууралуу кеп жок. Бирок шектүү шектенет болуп учактын аварияга кандай тушуккандыгын изилдей турган комиссия неге жүк тууралуу кеп козгоп, анын каяка бараары тууралуу актанып жатат. Себеби аталган комиссиянын башкы максаты авариялык абал кандайча болгон жана факторлорун даана айтып берүү болсо керек. Ал эми ал учактын ичиндеги жүк тууралуу аталган комиссия эмес Жогорку Кеңеш тарабынан түзулгөн депутаттык комиссиянын иши. Демек алдын ала тыянак чыгара турган болсок аталган комиссия өз милдетинен аша чаап кеткендей.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 5 =