Кыйраган учактын экипаж мүчөлөрүнүн акыркы сөзү

0

Каганат.

Кырсыкка учураган «Боинга-747» учагынын экипажы акыркы жолу Бишкектеги аба-ырайы тууралуу маалыматты кабыл алганын билдирген. Башка маалыматтар жок экен. Бул тууралуу маалымат жыйынында кырсыктын себептерин иликтеген мамлекет аралык комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский билдирди.

Айтымында, Гонконгдон Стамбулга чейин учак учуп бара алмак эмес, себеби жүк канча оор болсо, учактагы май ошончо сарпталат.

“Май төгүлгөнү чын. Учакта калган май жерге төгүлдү. Көп бөлүгү канатында калып калган, биз аны куюп алып изилдеп чыктык. Калганы ордунда калды, ал жерди тазалашат”,-деди Каширский.

Ошондой эле ал учак жүк жүктөлгөн контейнерлерди алып бара жатканын, учакта жардыруучу заттар табылбаганын кошумчалады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 3 =