Албек Ибраимов: Дордойдо 6 миң эле контейнер жабылды.

Каганат.

Кыргызстан бажы биримдигине кирээр астында эле ьбир катар серепчилер алгачкы жыл өтө оор боло тургандыгын кабарлашкан. Анткени алгачкы ирет бул биримдикке кошулган мамлекеттерде акча бирдигинде инфиляция жүрүп, товарларды сатуу кыйынга тураары, жана ошондой эле эң башкы маселеси эл аралык стандарт деген түшүнүгү тууралуу байма бай айтылган эле. 

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87927″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Мына ушул жана башка терс таасирин карапайым калкка тийгизе турган факторлордун алдын алуу бул мамлекеттин түздөн түз милдети эмеспи. Ошол эле салык жана башка төлөмдөрдү жыйноо менен мамлекет өз кардарларын коргоо муктаж. Бирок Кыргызстанда иш тескерисинче болуп, эми эмне кылайын дегенчилик кылып, алакан жайып туруп бергенди бийлиек башындагылар адат кылып алган. Дал ушундай корүнүштүн бири Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ордо калаабыздагы бир канча миңдеген адамдар жан баккан Дордой базары тууралуу кеп салып, 18миң контейнерден 6 миңи гана жабылгандыгын билдирген. 

Албек Ибраимовтун айтканы боюнча 6 миң контейнер аз болсо 6 миң контейнер аркылуу канча миң үй бүлөө жан багышчу деген суроого жооп берсе. Албетте ал контейнерлер карапайым адамдыкы эмес, ири ишкердикиби же мамлекеттик чиновниктикиби айтоор жөнөкөй карапайым адам жалданып иштеп, кара курсагын тойгузчу. Эми 6 миң контейнерди орто эсеп менен ала турган болсок 6 миң адам ишсиз калды деген түшүнүк эмеспи. Ал эми биздин бакандай шаар башчыбыз сыймыктануу менен айтууда.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

7 + үч =