Дача-Суу айылындагы учак майы төгүлгөн жерлерге кум, шагыл төшөлөт

Каганат.

Учак кыйраган Дача-Суу айылындагы учак майы төгүлгөн жерге кум жана шагыл төгүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Маалыматка ылайык, топурактын үстүңкү бөлүгү алынып, атайын реагент менен тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Эми учак майы төгүлгөн жерлерге шагыл, кум жана таарынды төгүлөт.

“Учак майы төгүлгөн жерлердеги топурактын үстүңкү катмары алынды, ал жерлерде тазалоо иштери жүргүзүлдү. Эми бүгүн кум жана таарынды төгүлүп, андан соң топурак себилет”,-деп билдиришти ӨКМдан.

Эске сала кетсек, 16-январда Дача-Суу айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсык болгондон кийин аталган айылдан авиакеросинге ууланды делинип ооруканага 5 бала түшкөн. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөп, ооруканага түшкөн балдар сасык тумоого чалдыкканын билдирген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз − 1 =