Пикир: Учак кырсыгы бийликтин алсыздыгын көрсөттү, жүккө Албек Ибраимовдун тиешеси бар…

Каганат.

Учак кырсыгы болгондон бери бийликтин ар бир бутагы ар кандай, бири-бирине окшобогон, чындыкка коошпогон маалыматтарды таратып, элдин башын адаштыруу амалын көрүп келет. Кечээ эле жүктүн баары Түркияга тиешелүү деп карганып жаткан бийликтегилер бүгүн УКМК аркылуу жылаандын башын кылтыйтып, 2 тоннага жакын жүк Кыргызстанга алынып келинмек экенин жар салды. Бирок жүктүн ээсинин аты аталган жок.

“KAGANAT.KG” сайты “кыйраган учактагы жүктүн 1,9 тоннасы Кыргызстанга тиешелүү экенин УКМК билдирди. Бул билдирүүнү сиз кандай кабыл алдыңыз? Эмнеге жүктүн ээсинин ысымы аталбай жатат?”- деген суроого жооп издеп көрдү.

Кырсык биздин бийликтин алсыздыгын, болгон дараметин көрсөттү

Жекшекнулов

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 16-январда болгон каргашалуу окуя, Кыргызстандын ар бир жаранын жүрөгүн зыркыратып, чоң кайгыга салганын айтуу менен бирге,  бул кырсык бийликтин алсыздыгын, болгон дараметин көрсөткөнүн айтат.  Ошондой эле  коомдук ишмер, учактагы жүктүн ээси 12 күндөн бери табылбай жаткан маалда, элдин башын айлантып карама каршы маалыматтарды тараткан бийлик уят болду. Эми 1,9 тонна Кыргызстанга тиешелүү экени тууралуу УКМК билдирүү таратты.  Ачык айтканда бул маалыматка деле мен ишене бербейм дейт. 

-Ушул кырсык биздин бийликтин алсыздыгын, болгон дараметин көрсөттү. Мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарды.   Анткени өкмөттүн буга чейин коомго тараткан маалыматтары калп болуп чыкты. Мурун учактагы жүктүн Кыргызстанга тиешеси жок баары Түркияга таандык деп билдиришкен, бирок бүгүн кайра башкача маалымат берип жатышат.

Биздин өкмөттүн өкүлдөрү учак май куйганы эле конмок деп маалымат таратса, Түркия тарап болсо башка билдирүү жасады. Айтор башаламан. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтүп туралы. Бирок коомдо учактын жүгү боюнча суроолор абдан көп. Мен оюмча Гонконгдун аэропортунда көп маалымат бар. Сырдын баарысы ошол жактан ачылышы ыктымал-деди Аликбек Жекшенкулов

52 жолу алынып өткөн деген сөз негизсиз айтылган жок

13450259_1035953429829115_7295039887223467732_n

Ал эми Жогрку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Надира Нарматова,  тартип, талап, мыйзам менен жашоо болгондо мындай калпыстыктар болмок эмес деген пикирде. Жогорку Кеңештин мурдагы эл өкүлү бул каргашалуу окуяга  байланышкан окуянын ар бир маалыматын тактап айтпаса, коомчулукта туура эмес пикирди жаратып коюуусу айдан ачык болуп калды. “Шамал болбосо теректин учу да кыймылдабайт”. Түмөн түркүн маанидеги сөздөр бекеринен айтылбайт. Кайсы бир деңгээлде негиз бар үчүн талаштуу ойлор жаралууда дейт.

-Өкүнүчтүүсү андан бери эки жумадай убакыт өткөнү менен учактын кыйрашынын чыныгы себеби жана андагы жүк кимге тиешелүү экени ачыкка чыкпай жатат. Бул каргашалуу окуя 40тан ашык адамдын башы менен кошо канчалаган карапайым элдин тынч жашоосун үзгүлтүккө учуратып,  үй-жайсыз калтырды. Балким бул да болсо биздин өлкөдө болуп жаткан кайчы пикирлердин кагылышуусунан келип чыккан көрүнүштөрдөн улам элибизге, бийликтин беш бутагына берилген жараткан Алланын сыноосудур. Жыйынтык чыгара турган мезгил келип жетти окшойт.

Бозоргон көздөр менен сумсайып жооп таба албай, ата эненин мээриминен ажырап калган жетимдер менен көз жашын агызган жесирлердин кайгысынан саясат жасап, бир жактуу кароого болбойт. УКМК атайын маалымат тараткан болсо анда күнөөлүүлөрдү ачык айтып, тактоо жүргүзүүсү абзел. 1.9 тонна болобу башка болобу кеп анда эмес. Мындай жүк биринчи жолу эмес, 52 жолу алынып өткөн деген сөз да негизсиз айтылган жок болуш керек. Андыктан ЖКда түзүлгөн депутаттык комиссия, УКМК жана жалпы тиешеси бар укук коргоо адамдары, бийлик ж.б. жоромолдоолорго чекит коюу үчүн ачык изилдөө жүргүзүп, коомчулукка маалыматты адилеттүү чыгарып түшүндүрүүсүн талап кылуу керек. Ошондо жүктүн ээси өзүнөн өзү чыгып калат.

Мамлекетте тартип жок. Тартип, талап, мыйзам менен жашоо болгондо мындай калпыстыктар болмок эмес. Элден айланайын өз түйүнүн өзү чечкенге аракет кылып, бир муштум болуп, канчалаган  каражаттар чогулуп, өксүп турган элибиздин дартына дабаа болушуп, адамгерчилик колун сунуп жатышат. Элибиздин кыргыздын башына түшкөн кыйынчылыгында  биримдикке баш кошконуна да чексиз шүгүр келтирели. Бийликтегилерге ынсап берсин-деди Надира Нарматова.

Жүктүн ээси “сыр” бойдон калат

1014097729

“Мекенчил” саясий партиясынын лидери Садыр Жапаров, жүктүн ээси Ак үйдө отурганы үчүн аты аталбай жатат деген пикирин жашырбайт. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, эгерде катардагы эле жаран  же бир ишкер болсо анда бийлик ал адамды эчаак эле камап коймок дейт.

-Жүктүн ээси Ак үйдө отурганы үчүн аты аталбай жатат. Эгер катардагы жаран же бир бизнесмен болгондо эбак эле камап коюшмак. Менин оюмча чыныгы ээсинин ысымы айтылбайт. Аталса да “подставной” бирөө болушу толук мүмкүн-деди Садыр Жапаров.

Жүктүн ээсинин ысымы кандай болсо да аталышы керек

re

Ал эми жаш активист Ренат Самудинов, күнөөсү барларды аныктап жазасын бериш керек деген пикирде. Ошондой эле Ренат мырза бийлик бул маселени абдан дыкаттык менен иликтеп, коомчулукка маалымат берилип турушу зарыл деп кошумчалайт.

-Абдан таң калычтуу жагдай болуп жатат. Бул жерде 2 версия бар. Бирнчиси – маалымат атайын жашырылып жатат. Экинчи версия – аэропорттон кээ бир адамдар жогору жакка маалымат бербей өздөрү акча таап жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен маалыматтар эки ача болуп жатышы ыктымал. Бул жерде кимдин күнөөсү бар экенин аныктап туруп жазасын бериш керек.

Жүктүн ээсинин ысымы кандай болсо да аталышы керек. Бул маселени абдан дыкаттык менен иликтеп, коомчулукка маалымат берилип туруш зарыл. Антпесе ар кандай ойлор жаралып, туура эмес пикирлер калыптана башташы толук мүмкүн-деди Ренат Самудинов.

Албек Ибраимовдун дагы эмгек үлүшү бар…

bez-nazvaniya-4

Бул ишке Бишкек шаарынын башчысынын да тийешеси бар деген пикирди карманган жарандарыбыз да жок эмес, алардын бири белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов. Ал бийлик сыр жашырып жаткандыктан ал социалдык тармактарда жазылган маалыматка ишенип алгандыгын, мындай ишти өз адамдар гана жасай аларын айтат.

-Кыйраган учактагы жү бийлик башында турган Атамбаевдин аялыныкы экенин социалдык тармакта Дариха Ишанова аттуу айым жазды го. Мен чындап эле бул маалыматка ишенип алдым, себеби бийлик айтпай жашырып жатпайбы. Мындай ишти өз адамдар гана жасай алат да.

Бул жерде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун дагы эмгек үлүшү бар болушу керек. Себеби Албек Ибраимов мурун аэропортто иштеп келген болчу, ал азыр деле бийликте Атамбаевдин оң колу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − 13 =