Орусия илимий изилдөөлөргө жумшалчу чыгымдарды кыскартат

0

Каганат.

Орусия өкмөтү 2019-жылга чейин илимий-технологиялык комплексти өнүктүрүү программасынын чыгымдарын 25 миллиард рублге кыскартууну пландап жатат.

Токтом долбооруна ылайык, мамлекет тарабынан илимий изилдөөлөрдүн өзүнө бөлүнө турган сумма 19 миллиард рублге азаят.

Маалыматка караганда, биринчи кезекте «комплекстүү илимий-технологиялык маселелерди чечүүгө» багытталган изилдөөлөргө каралган каражат кыскартылат. Бул берене боюнча 2017-жылы бюджеттин үчтөн бири кыскарса, кийинки эки жылда эки эсеге азаят.

Ошол эле маалда орус өкмөтү илимий жана окуу уюмдарын курууга жана аларды реконструкциялоого кетчү чыгымдарды көбөйтүү ниетинде.

Орусиянын Илимдер академиясынын Экономика институтунун директору Дмитрий Сорокин илимге жумшалчу каражатты кыскартуу он жылдан кийин технологиялык артта калууга алып келет деп эсептейт. Айтымында, бюджетти каражат натыйжасыз пайдаланылып жаткан тармактарды аныктоо менен үнөмдөсө болот.

2017-жылдын бюджетинде жарандык илимге 336 миллиард рубль каралган. Бул 2014-жылга караганда жүз миллиард рублге аз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 3 =