Максат Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылды

Каганат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылды. Чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Сот жабык өттү.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тууганы Кунакунов “террорчулукка кол кабыш кылган”, “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген” беренелери боюнча акталган. Бирок “карактоо” жана “курал жарактарды мыйзамсыз сактаган” деп айыпталып, прокуратура анын үй мүлкүн конфискациялап, 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.

Максат Кунакунов 2015-жылы “Манас” аэропортунан 20-июль күнү таңкы саат 04:00 чамасында өлкөдөн сырткары учканы жатканда кармалып, СИЗОго 48 саатка киргизилген эле. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы, ошондой эле Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты – Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаганы аныкталган. Кунакунов күнөсү жок экенин айтып, бул аракет саясий куугунтук экенин билдирген.

Ал убагында “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 + 2 =