Улуттук гвардия 2,7 миллион сомго колбаса сатып алат

0

Каганат.

Кыргызстандын Улуттук гвардиясы 2,7 миллион сомго колбаса сатып алат. Алар түндүктөгү жана түштүктөгү аскер бөлүмдөрүнө жеткирилет. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынан белгилүү болду.

Колбаса сатып алууга мамлекеттик бюджеттен түндүктөгү аскер бөлүктөрү үчүн 1,5 миллион сом, түштүктөгү аскер бөлүктөрү үчүн 1,2 миллион сом бөлүнгөн.

Түндүктөгү аскер бөлүктөргө 5,7 тонна ышталган колбаса сатылып алынмакчы.

Сатып алуу түз келишим түзүү менен жүргүзүлөт. Колбасаларды “Новопавловка колбасасы” ишканасы даярдайт.

 Оштогу №703-аскер бөлүгүнө 1 тонна колбаса 260 миң сомго, Баткендеги №707 аскер бөлүгүнө 809,8 килограмм колбаса 210,5 миң сомго, Кара-Көлдөгү №718 аскер бөлүгүнө 2 тонна колбаса 544,6 миң сомго, Жалал-Абаддагы №704 аскер бөлүгүнө 800 килограмм колбаса 208 миң сомго сатылып алынат.

Ал уйдун этинен жасалып, курамында чочконун эти жана майы болбошу керек.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 1 =