Бюджетти мойсогон бажычылардын былыгына бийлик көз жумуп жатабы?

0

Каганат.

Бул бажы кызматы эч кимди тоготпой калган көрүнөт. Дегенибиз депутаттар бажычылар чет жерде жаңы жылды тосуп, бир топ каражатты мойсоп койгонун айтканы менен тиешелүү чаралар көрүлө элек экен. Анысы аз келгенсип Бажы кызматы 2016-жылдын бюджетин аткара албай калган. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Бажы кызматы 2015-жылы бюджеттик 3 млн. 980 миӊ сомду мыйзамсыз пайдаланганы аныкталып, кылмыш иши козголгон. Көрсө, 25 бажы кызматкери иш сапарына барганда каражатты мейманкана тейлөөсүнө жумшаптыр.

Дал ошол кызматкерлердин айрымдары дагы эле өз кызмат ордунда иштеп жатса, кээ бири кызматынан жогорулаган.

“Азыр кылмыш ишинин токтотулгандыгы жөнүндө маалымат бар. Муну кандай түшүнсө болот?”- деген депутат суроосуна тыңгылыктуу жооп ала албай турган чагы.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Бажы кызматы жогорудагы факт боюнча ушул кезге чейин расмий жооп бере электигин кошумчалады.

Бюджетти каалаганча чачып, каражаттарды чет өлкөгө барып мейманканалап жүрүп чачкан бажычыларга мыйзам жокпу? Же бажычылардын башын калкалаган бирөө барбы деген суроолор жоопсуз калып жаткан учуру.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев болсо жыйын учурунда 1-февраль күнү Өкмөттө өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчет угуларын, ошондо бюджетти аткарбаган бир топ жетекчилер жооп бере турганын билдирди.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он + 15 =