Былтыркы жылы Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн көлөмү 458 млрд сомго жетти

0

Каганат.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2016-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы республикалык бюджеттин каржысы 129 млн. сомго көбөйгөнүн билдирди. Ошентип, өткөн жылдын жыйынтыгында республикалык бюджетке баш-аягы 124 млрд. 116 млн. сом түшкөн. Анын ичинде, Мамлекеттик салык кызматынын үлүшү 88 млрд. 486 млн. сомду же 42 пайызды, Бажы кызматынын үлүшү 23,6 пайызды түздү.

«Ошого карабастан, салыктык эмес кирешелер 7 млрд. 893 млн. сомго азайды. Ал эми 2016-жылы Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн көлөмү 458 млрд. сомго жетти», – дейт каржы министри.

Тармактык комитетте Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2016-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалыматын талкуулоо жолжоболору улантылууда.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × бир =