Өлкөдө былтыр ВИЧ илдетин 712 адам жуктурган

Каганат.

Өлкөдө ВИЧ боюнча абал начарлап, илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон сакталууда. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгү билдирүүдө.

2017-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен 7 100 адам катталган, алардын ичинен 712и бул ооруну былтыр жуктурган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча аймактарда абал кескин начарлоодо.

“ВИЧ тармагында эпидемиологиялык абал курч жана илдеттин көбөйүү тобокелчилиги сакталууда. 2020-жылга карата оор дартты жугузган 20 миң адам катталып, алардын арасынан 8000 бейтап убагында дарыланбай, профилактикалык программалардын жетишсиздигинен улам көз жумушу мүмкүн”, -деп айтылат БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматында.

Бул маселени талкуулоо үчүн 31-январда Бишкекте саламаттыкты сактоо министри, ИИМ башчысы, БУУнун Туруктуу өнүгүү программасынын өкүлү, омбудсмен, өкмөт аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өтөт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 3 =