Марат Кайыпов, мурдагы Адилет министри: “Биз кыргыздын жолун тосуп, башкага жол ачуу жaгынaн такшалган адис болуп калдык”

Каганат.

(уландысы)

Бирок учурда Кыргызстан парламенттик башкаруу жолундагы өлкө деп эл өкүлдөрү белгилеп жатышпайбы?

‒ Дал ушундай биз парламенттик башкаруудабыз деп Конституциянын аталары кыйкырып чыкканы менен баарынын үстүнөн Президент көзөмөлдөп жатпайбы. Маселен, Президент жакпаган мыйзамына кол койбой кайра карап чыккыла деп жөнөтүп жиберет. А парламенттик башкарууда Президентке андай укук берилген эмес. Тескерисинче, президент түздөн-түз парламентке көз каранды болушу керек.

Атүгүл парламенттик өлкөлөрдө Президентти парламент шайлайт. Демек, биздин Президент мыйзам чыгаруу процессине түздөн түз катышууда. Ал эми сот бийлиги дагы Президентке көз каранды, жергиликтүү сотторду дайындап, кайра аларды иштен дагы алат. Жогорку сотту жана Конституциялык Палатанын судьяларын кызматтан кетирүүдө Парламентке демилге Президенттен гана түшөт, Парламенттин өзү бул маселени алып чыгууга укугу жок.

Эми аткаруу бийлигин алалы, өкмөттү парламент шайлап жатпайбы деген түшүнүк жатканы менен, Жогорку Кеңеште коалицияны түзө турган фракцияны Президент тандап алып жатпайбы. Демек, айланып келип эле Президент жең ичинен сунуштаган кандидаттарды Президент тарабынан кворум алып жаткан фракция кантип алып келбей койсун, алып келет. Экинчиси, парламенттик башкарууга өткөн мамлекеттерде Президент өкмөт мүчөлөрүн жалгыз эч бир жерде дайындабайт.

Бизде болсо, Куралдуу күчтөрдү, башкы штаб жана ИИМдин башчысын дагы Президент гана дайындайт. Мына ушул жогорудагы аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин тең салмактуулугун Президенттин укуктары бузуп жатат. Ошондуктан, элди алдабай ачык жазыш керек. Акаев дагы, Бакиев дагы Президенттик башкарууда жашады, бизге болбойт экен деп Баш мыйзамды өзгөртүштү, азыр эмне Президент башкарбай жатабы, баягыдай эле, aндaн дa бетер президенттик башкаруу жүрүп жатат.

Кыргыз өлкөсүн сaзга батырчу утурумчулар киргизген Бaш мыйзaмдaгы “жаңылык”, бул коалициялык өкмөт түзүү системасы. Мына ушул система Кыргыз улутуна жана мамлекетине таптакыр туура келбеген система. Сөзүм төгүн болбош учун мисал катары парламенттик формадагы өлкөлөрдү aлып көрөлү.

Европадагы классикалык парламенттик өлкөлөр бул Германия, Италия жана Израиль. Азияда болсо Япония, Туштук Корея. Ушул өлкөлөрдүн бардыгы бай жана кудуреттүү. Парламенттик бийлик формасы ушул өлкөлөргө жарашат, анткени бул өлкөлөр ‒ моноулуттуу өлкөлөр. Кыскасы, Германияда, Италияда, Японияда жана Туштук Кореяда бир улуттун эли Парламентте отурат, бир улуттун өкүлү өкмөт башчы, чоочун эл бул өлкөлөрдү башкарбайт.

Анткени, титулдук улут эбегейсиз басымдуулук кылгандыктан, Парламентине башка эл өкүлү депутат болуп келе албайт. Булар каалаган партия ачып алып, каалаган фракция түзүп, каалашынча талашып, тытышып атса да өз өлкөсүнө, же өз улутуна каршы саясат жасай алышпайт. Ошондуктан, кудум ушул өлкөлөр өнүгө берет.

Ал эми көп улут жашаган өлкөдө Парламенттик система талаш тартыш жаратып, Парламенттик коалиция түзгөндө бир пикирге келе алышпай кризиске учурашат. Азыр ушундай акыбалды Испания башынан кечирип жатат. Дегеле көп улут жашаган парламенттик формадагы мамлекеттердин өсүп-өнүгүп кеткенин мисал кылып aйтa aлбaйм.

Жада калса Улуу Британия да саясый кризиске дуушар болуп отурат. Анткени, ал жерде мурунку колониялардан мигрант болуп келип, жарандык алып, парламентине депутат болуп, борборуна мэр болуп алгандар бар. Кечээ 2016-жылы Брехсит болуп Евробиримдигинен Улуу Британиянын чыгып кеткени буга далил.

Анткени менен, Улуу Британияда мамлекеттик башкарууда улуттун кызыкчылыгы сатылбай турган салттуу система ушул күнгө чейин иштеп келет. Эч кандай демократиясы, шайлоосу жок эле Парламенттин Жогорку палатасын Улуу Британиянын Ханышасы менен Өкмөт теӊ дайындоо жолу менен түптөшөт. Себеби,  [latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87360″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Жогорку палатанын бир эле максаты бар ‒ ал кичи палата кабыл алган мыйзамдар менен чечимдер Өлкө менен улуттун кызыкчылыгына дал келишин көзөмөлдөйт. Ошондуктан, Улуу Британиянын Жогорку палатасына өлкөгө даңкы чыккан, улутка күйгөн, мекенин сүйгөн, сатылып кетпеген улуу инсандарын шайлоосу жок эле дайындап коюшат.

Эми Кыргызстанды мисал кылалы. 2009-жылдын аягында Кыргызстан, эки миллиярд АКШ доллар тышкы карыздын жарым миллиардын төлөп кутулуп койду эле. 2010-жылдан бери биз Парламентте коалиция куруп, анан Өкмөт түптөп, жыл сайын Өкмөт алмашып, экономика көйгөйүн кимден сурарыбызды билбей отурабыз. Бир жагынан карасаӊ, Президент эле башкарып жатат, бирок эчтекеге жооп бербейт. Экинчи жагынан, Өкмөт бар сураса болот, бирок жылда эле коалиция алмашып, Парламентте талашып-тартышып, улам бири коалицияга кирем деп умтулуп, кирбей калганы киргенин сындап, компромат издеп, кайрадан эле коалицияны бузуп, анан жыйынтыгында кимден сурайсың.

Азыр Кыргызстанда өлкөнүн тагдырына жоопкерчилик алган бир да орган жоктой туюлат. Ошол эле убакта тышкы карызыбыз беш миллиард АКШ долларын чапчып калды. Жалпак тил менен айтканда коалиция аркылуу Өкмөт түзүү бул “Ылaйым тытышып кал” деген каргыштын ишке ашышы, өкүм сүрүшү окшойт. Ошондуктан, алдыга секирик жасап, өнүгөбүз десек, өлкөдө бир кожоюн болуп, ошол өлкө үчүн толук кандуу жооп бериш керек. Кыргызстанда мамлекеттин келечегин ойлосок, өлкөбүз кудуреттүү болсо деп максат кылсак, улуттун биримдигин ынтымагын тилесек, бийлик бутактары үзгүлтүксүз жана улуттун кызыкчылыгы үчүн иштей турган шарттарды түзүшүбүз керек.

‒ Сиздин альтернативдүү кандай сунушуңуз бар, балким башкаруу институтун өзгөртүү керекпи же кандай?

‒ Алгач биз элди алдабай, биз парламенттик өлкөбүз деп элдин башын оорутпай Президенттик бийлик формасын сактап калышыбыз керек. Маселе Президенттик бийлик формасынын начардыгында эмес, маселе Кыргыз улутунун башына ач көз эмес, уурдабаган, жебеген, напсисин тыя алган, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеген, улутунун кызыкчылыгын туу туткан, мамлекеттик көз карашы бар, өлкөнү өнүктүрүүгө даремети жеткен, тышкы жана ички саясатты тартынбай, тайманбай өлкө менен улуттун кызыкчылыгы үчүн алып барган бир кыргыздын Президент болуп шaйлaнып келе электигинде.

Кандай себеп менен биз жакшы эл башчысына, журт башчысына жарыбай атабыз? Себеби, Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамына конституцияда каралган стандарттык чектөөлөр биринчиден аздык кылат, экинчиден жогоруда айтылган талаптарга толук жооп бербейт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын президенти болуш учун 35 жаштан кем эмес, 70 жаштан аша элек, кыргыз тилин билген Кыргыз Республикасынын жараны болсо жарай берет. Бул чектөөлөр менен Президенттикке талапкер мамлекеттик көз карашы барбы же жокпу, ач көзбү, алдамчыбы, трайбалистпи, нацистипи же фашистпи кантип билебиз?

Бизде 2000 жылдык мамлекеттүүлүк тарыхыбыз бар деп мактанып жүрө бербей, ошол 2000 жылда кандай тажрыйба топтодук, кантип хандарды шайлачубуз ошого сереп салып, пайдалуусун алышыбыз керек. Бaш мыйзaмдын 52-беренесинде Курултай институту каралып, ага коомдук жана жергиликтүү аймактарда чогулуш ирээтинде статус берилген. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин Курултай тууралуу мыйзам кабыл алына элек.

Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, кыргыздар татыктуу талапкерлерди курултайда хандыкка көтөрчү. Ал эми хан болуу үчүн тиешелүү талаптарга жооп бериши керек болгон. Оогaн кыргыздaрынын акыркы ханы Рахманкул хан болгону баарыбызга белгилүү. Рахманкулга чейинки xaн бирөөдөн кийиз сурaп койгондугу үчүн aксaкaлдaр курултaйы aны xaндык мaртaбaны сaктaбaды деп четтетип сaлышкaн.

Aнaн мына ушул Рахманкул ханды курултайда тандап алар алдында aгa бир канча талап коюлгaн; жашы, сабаты, байлыгы, жүрүм-туруму, тышкы келбети, мүнөзү, динге мaмилеси, тил билгендиги, сaлт билгендиги жана башка жaктaры эске aлынгaн. Ошондо Болочок Рахманкул хан бир гана талапка жооп берген эмес ‒ байлыгы жок болгон. Aйла жок, Рахманкулду алдыртып, айылдагы бай 80 жаштагы аксакал менен достоштуруп, анын мал-мүлкү тең орток болуп саналып, анан хан болуп шайланган. Кыргызда көрсө, дос абдан ыйык болгон тура, эскиден достордун зайыбы, бaлдaры гана өзүнө тийешелүү болуп, калган үй-жайы, мал-алы, тапкан байлыгы орток болгон экен.

‒ Демек биз бир кылым артка кайра кетип, абсолюттук башкарууга өтүшүбүз керекпи?

‒ Албетте жок, ар бир доордун өзүнүн талабы сыяктуу биз дагы жогорудагы Курултай институтун заманбап үлгүдөгү мамлекеттик башкаруу институтуна айлантышыбыз керек. Туура, азыркы тапта курултай деп ар тараптан жогорку кызматта отурган, Президентти мактай тургандардан чогултуп ураалатып жыйналыш өткөргөндөй эмес. Эл арасында кадыр баркы бар, өз позициясын айта алган, улутка күйгөн, кыргыз жерин сүйгөн, кыргыздын кырк уруусунан бирден, экиден, улуу инсандарды таап, курултайдын мүчөсү катары дайындашыбыз керек.

Албетте, Курултайдын болочок мүчөлөрүнө Президентке тете талаптар коюлуп таза, адилет инсандар тандалышы абзел. Анан Курултайга Конституциянын негизинде Жогорку Палатанын статусун ыйгарып, жылына кеминде бир жолу чогулуп, өкмөттүн отчетун, Жогорку Кеӊеш кабыл алган мыйзамдарды беките турган бийлик укук бериш керек.

Ошондой эле, 6 жылда бир жолу Президентке талапкер боло тургандарды сындан өткөрүп, жарактууларын шайлоого чыгарып берсе, ошондо татыктуулардын ичинен эн татыктуусу шайланат эле. Албетте, Курултайда да коррупция жана тууганчылык деген нерсе роль ойнобошу үчүн адилет, калыс инсандардан түзүлүшү шарт.

Ошол эле учурда Президентти эл шайлагандан кийин, кемчиликтер кетип, эл мүдөөсүн аткарбаса дал ушул Курултай мүнөздөмө берип, парламент импичмент жарыялап, Президентти кызматтан алып салса боло тургандай система түзүү зарыл. Ачыгын айтканда биздин тарыхыбызды демократиянын туу чокусу болгон мамлекеттик институттар бар, аларды эски, атавизм деп колдонгондон уялып же билбегенден манкурттай башкаларга жетеленип жүрөбүз.

‒ Ал эми сиз айтып жаткан элдик курултай кандай система менен иш алып барат, бюджет менен каржылануу керекпи?

‒ Албетте элдик курултайдын өкүлдөрүнө иштегенге шарт түзүп, иштеген күнүнө, жол, жашаган, ичкен чыгымына маяна төлөп бериш керек. Буга чейинки өткөрүлгөн курултай менен мен айтып жаткан курултайдын айырмасы асман менен жердей. Эгер Курултай ушундай макамда иштесе, анда азыркы Парламенттин санын да азайтып бюджеттик чыгымды азайтса болот. Эӊ эле пайдалуусу курултай улутка, өлкөгө каршы чыккан мыйзамдарды жок кылып, кичи палатага түздөн-түз көзөмөл кылмак.

Сөз учуру келип кaлгaн соӊ, улутка каршы мыйзамдар тууралуу айта кетейин. 2007-жылы Бaш мыйзaм кабыл алып жатканда абдан чоң кыйынчылыктар менен кыргыз улутуна кош жарандык статусун ыйгардык эле. Азыр да кимде ким кыргыз болсо, Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылып кош жарандык алса болот. Биз кыргыздар үчүн кош жарандыкты киргизгенде алдыбызга максат койгонбуз. Бир убакта Оролдон баштап Тынч океaнына чейин, азыркы Ооган, Индия, Кытай, Туркияга чейин жерлеп келген кыргыздардын жалгыз Кыргызстан деген мамлекети кайра жаралды.

Эми ушул Кыргызстан деген өлкө дүйнөдөгү бардык кыргыздарды колдоого жана коргоого милдеттүү, ошондуктaн кош жарандык ыйгарганбыз. Ал эми Кыргызстандын жаны тарыхында канча кыргыз тышкы мигрант болуп башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып кетишти. Кыргыз каптаган өлкөлөр бир эле Россия, Казахстан эмес, Европа, Америка жада калса, Австралияда кыргыздaр бар. Ошолордун азыркы мууну балким Кыргызстан менен байланышып турат, бирок кийинки муундар каттабай, бөлөк элдин бөлөк жердин жараны болуп калат. Кош жарандыктын максаты кыргыздардын Кыргызстанга келип каалаган кызматка туруп, өз өлкөсүндө Кыргызстандын жарандары менен тең укуктa болуусун кaмсыз кылуу эле.

Тилеке каршы, 2007-жылдан бери кош жарандыктын максатына каршы ондогон мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Азыр кимде ким кыргыз болуп кош жарандыгы болсо, ал Кыргызстанда депутат боло албайт, мамлекеттик кызматта иштей албайт, укук коргоо органдарында кызмат кыла албайт, сот боло албайт. Ээ ботом, биз Кыргыз өлкөсү болсок, анан эмнеге кыргызга тыюу салып, чектөө коюп жaнтaлaшып жатабыз. Биз кыргыздын жолун тосуп, башкага жол ачуу жaгынaн такшалган адис болуп калдык.

Буга мисал шайлоо кодекси. Азыр ар бир шайлоого катышкан партия, партиялык тизмеге сөзсүз кыргыздан башка бир канча этносту депутаттык тизмеге киргизүүгө милдеттүү. Андай кылбаса, шайлоого катыша албайт. Күйүп айтканда биз, биринчиден, кыргыз жараны болсо да, aны сен башкасын, бөтөнсүӊ деп аларды бөлүп, ошону үчүн кел депутат бол да кыргыздарды башкар деп жатабыз. Бул акылга сыйбаган, бир дагы башка өлкөдө жок, түрү суук, кийинчерээк Кыргызстандын түбүнө жете турган опуртaлдуу тажрыйба. Мына ушуга окшогон, өлкө менен улуттун кызыкчылыгына дал келбеген мыйзамдарга тыюу салып, көзөмөл кылган Курултай болушу керек.

Марат Таштанович, улутубузду сыздаткан фактыларды баш мыйзамдан баштап, мыйзамдарга чейин иликтеп, таап элибизге жеткизген маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

9 + 9 =