Аида Салянова: “Мени коркутуудан пайда жок”

Каганат.

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова, өз укугун мыйзам чегинде коргорун аны, коркутуудан пайда жоктугун  Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анда Салянова, бүгүн аны колдоп УКМКнын жанына нааразычылык акциясына чыккан жарандарга ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал сурак мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө адвокаттан тергоочүгө кат жөнөтүлгөнүн жазат. Анткени, 31-январь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде ал жазган мыйзам долбоору каралмак.

-Мени коркутуудан пайда жок. Мен укугумду тек гана мыйзамдын негизинде коргойм. Биздин суракка барбарыбызды алар жакшы билген. Анткени адвокаттын 16.00 дөн 17.00 же 18.00 гө жылдыргыла деген суранычына такыр болгон эмес.

Адвокат Улан Джумаковдун бүгүн УКМКга баралбай турганыбызды, бүгүн Жогорку Кенештин комитететинде мен жазган мыйзам карала турганы жөнүндө жазган билдирүүсүно карабай мени колдоп бүгүн УКМК га барганыңыздарга чон ыраазычылык билдирем –деп жазат Аида Салянова

Эске салсак, УКМК бүгүн, Аида Салянова чакырылган суракка келбегендигин, мыйзамдарга ылайык депутатка чакыруу кагазы  кайрадан жиберилерин,  сурак качан болору белгисиз экенин билдирген эле.

Ал эми Аида Салянова 16.00гө УКМКнын сурагына чакырылганын,  Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште өткөн басма сөз жыйынында да билдирген эле.

Башкы прокуратура 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага карата юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.кылмыш ишин козгогон. Салянова бул иш үчүн кылмыш ачууга негиз жоктугун белгилейт.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

беш × эки =