“Ататүрк – Ала-Тоо” университети террорчулукка эч кандай тиешеси жок экенин билдирди

0

Каганат.

Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети Стамбул прокуратурасынын аталган окуу жайды террордук уюмдун ишмердигин жайылтат деген маалыматы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Жогорку окуу жайы университет Кыргызстандын мыйзамынын чегинде иштеп жатканын, каттоодон өткөнүн билдирип, чет мамлекеттердеги маалыматтарга эч кандай тиешеси жоктугун жарыялады.

Буга чейин Стамбул прокуратурасы Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университетин террордук уюмдун ишмердигин жайылтарын билдиргенин Түркиянын Hurriyet басылмасы жазып чыккан. Маалыматта террордук уюм менен кызматташат делинген 17 университеттин тизмеси берилген. Арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Румыния, Грузия, Америка өңдүү мамлекеттердеги окуу жайлар бар.

Эл аралык “Ататүрк-Алатоо” университети 1996-жылы «Себат» билим берүү мекемеси менен Кыргызстандын Илим, билим жана маданият министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык негизделип, 1997-98 окуу жылында лицензия алып (АЛ No: 201 МОиК) таалим-тарбия иштерин баштаган. Бул окуу жайда окуу негизинен англис тилинде жүргүзүлөт жана ошондой эле кыргыз, орус жана түрк тилдери да жогорку деңгээлде үйрөтүлөт.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Кагылышуу Анкара менен Стамбул шаарларында болгон. Маалыматтарга таянсак, анда 240 жаран каза болуп, 2 миңге жакын адам жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетин дин аалымы Фетхуллах Гүленге жүктөп келет. Ал төңкөрүшкө тиешеси жок экенин айткан. Төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Түркияда “Гүлендин уюмуна байланышы бар” деп 32 миңге жакын адам камакка алынса, 70 миңге жакын адам жумуштан бошотулду. Ошондон тарта Түркияда Гүленге тиешелүү делинген мектептер, жогорку окуу жайлар жабылып, миңдеген кишилер камакка алынып, иштен бошотулушкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 13 =